www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Айдоочулардын жоопкерчилигин камсыздандырууну баштоо үчүн өткөөл мөөнөт берилет. Финансылык көзөмөл кызматынын маалыматына караганда, «Автотранспорт каражатынын ээсинин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө» мыйзам 7-февралда күчүнө кирет. Бирок 7-августка чейин кошумча убакыт берүү жагы каралып жатат. Өкмөттүн тиешелүү токтому коомдук талкууга коюлду.
Өкмөт эгер камсыздандыруу полиси бар айдоочу жол кырсыгына кабылса, анын мүлктүк кызыкчылыктары корголорун айтууда. Полистин баасын азырынча аныктала элек.
Айдоочулардын жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу мыйзамы 2015-жылы 24-июлда кабыл алынган жана расмий жарыяланган күндөн алты ай өткөндөн кийин – 2016-жылдын 7-февралында күчүнө кирмек.
Бирок, 2016-жылдын 2-августунда Жогорку Кеңештин депутаттарынын демилгеси менен мыйзамга анын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2019-жылдын 7-февралына чейин узартуу каралган өзгөртүү киргизилген.
Кыргызстан Евразия экономикалык бирлигинин жана Көз каранды эмес мамлекеттер шериктештигинин ичинде автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу системасы жок жалгыз өлкө.
Булак: NazarNews.kg