www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаңы төрөлгөн балдарга ушул жылдын башынан бери жалпысынан 547 миллион сом төлөнүп берилген. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарына Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров билдирди.

Анын айтымында,  Кыргызстанда ушул жылдын башынан бери 145 миң 827 балага сүйүнчү пул төлөнүп берилип, анын жалпы суммасы 547 миллион сомду түзгөн.

Маалыматка караганда, ар бир балага сүйүнчү катары бериле турган 4 миң сом акчаны алуу механизми  жеңилдетилген. Эми аны 2-3 күн аралыгында эле "РСК" жана "Айыл банктын" каалаган кеңсесинен алууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Болгону ага, эки эле документ керектелет. Бири  баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, экинчиси ата-энесинин паспорттору. Ата-энелер Калкты тейлөө борбору, никени каттоо бөлүмдөрүнө жана маалымат күркөлөрүнө да кайрыла алышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости