www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө башчы Садыр Жапаров 2020-жылдагы октябрь окуяларына быйыл 5 жыл толгонун утурлай, «Кабар» агенттигине маек берип, ал учурдагы болгон окуяларга токтолгон.

Жапаров маек берип жатып, бийликке келгенден кийин эмне үчүн мурдагы президенттер менен Дубайда жолугушуу уюштурганын жана ал кадамдын максаты эмне болгонун айтып берген.

«Башкы максатым баарын бир столго олтургузуп, «өтөр өттү, кетер кетти, эми бири-бириңер менен акыйнек айтышпай, тынчыгыла» деген сөздү айтмакмын. Айттым. Ага чейин билесиздер, Акаев менен Бакиев, Атамбаев менен Жээнбеков болуп тарапташтары да тирешип, чабышып, акыйнек айтышып, Кыргызстанда эле эмес, дүйнө жүзүндөгү ЖМКларга чейин чыгып турушчу. Булардын баары жөн кишилер эмес, аздыр-көптүр, жамандыр-жакшыдыр мамлекет башкаргандар. Дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болуп калган кишилер. Анан эле баары бири-бири менен чабышып атса, дүйнөлүк коомчулук Кыргызстанда тынч эмес деп ойлойт экен да. Албетте, инвестор келбейт.

Далай ири инвесторлорду көрдүм. Кыргызстан дегенде буйтай качышат экен. Чакырсаң эле «Оо кокуй, силер революция кыла берген, ынтымагыңар жок мамлекетсиңер. Силердин мамлекетке инвестиция салыш коркунучтуу, акча тынчтыкты сүйөт» дешет. Ошондон улам баарын чогултуп айтчу сөзүмдү айттым. Ошондон кийин бири-бири менен урушпай калышты. Тарапташтары да тынчышты. Дүйнөгө Кыргызстанда тынчтык, стабилдүүлүк орноду деп жар салдык.

Дүйнөлүк ММКлар дагы өз өлкөлөрүндө Кыргызстандын мурдагы президенттери бир столго олтуруп, ынтымакка келишти деп жаңылык кылып жазышты. Мына ошондон кийин инвесторлор агылып келе башташты. Бүгүнкү күндө тикелей келген инвестициянын көлөмү эле миллиард долларга жетип жатат. Экономикалык өсүш башталды», — дейт Жапаров.

Последние новости