www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаровдун Душанбеге болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Жапаров президент Эмомали Рахмондун чакыруусу менен бүгүн, 14-сентябрда, Тажикстанга Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусуна катышууга барган.

Сапардын алкагында Жапаров Рахмон менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, темалардын кеңири спектрин, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоону талкуулашкан.

Андан соң президент Борбор Азия мамлекет башчыларынын бешинчи консультативдик жолугушуусуна катышты. Ал суу маселесин көтөрдү, ошондой эле Кыргызстан Афганстан менен коңшулук мамилелерди өнүктүрүүгө даяр экенин айтты.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча өлкө лидерлери биргелешкен билдирүү жасап, төмөнкүлөргө кол коюшту:

Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан республикасынын ортосундагы жаштар саясатынын жалпы багыттары жөнүндө макулдашуу;

Борбор Азияда жер үстүндөгү транспорттун өз ара байланышын чыңдоо жөнүндө макулдашуу.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости