www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жараны кичинекей кызды туулгандагы тууралуу башка күбөлүк менен чек арадан чыгарып кетүүгө аракет кылган.

Бул тууралуу Чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 30 жаштагы А.С “Чалдыбар” пунктуна жашы жете элек кыз менен келген. Паспорттук көзөмөлдөн өтүп жаткан А.С аттуу жаран кыздын туулгандагы тууралуу күбөлүгү деп 13 жашар Б.Бнын күбөлүгүн көрсөткөн. Ошол жерден аял менен кыздын жүрүм-туруму чек арачыларды шектендирген. Текшерүүнүн жыйынтыгында А.С аттуу жаран кызды башка күбөлүк менен өткөрүп бара жаткандыгы аныкталган. Бул факт боюнча тергөө үчүн кармалган жаран УКМКнын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости