www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Юстиция министрлиги мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүүдө жарандардын жана ишкерлердин укуктарын коргоого багытталган Административдик ишмердүүлүк жана жол-жоболор жөнүндө кодекстин долбоорун коомдук талкууга чыгарды.
Документке ылайык, эгерде жарандар же бизнес өкүлдөрү мамлекеттик органдардын кызмат адамдарынын мыйзамсыз чечимдеринен, туура эмес аракеттеринен же аракетсиздигинен улам зыян тартса, кенемте талап кылуу укугуна ээ болот.
Ошондой эле долбоордо мамлекеттик органдарга мурда кабыл алынган жана жаран же ишкер үчүн жагымдуу укуктук натыйжа жараткан чечимдерди өз алдынча жокко чыгарууга чектөөлөр киргизилери белгиленген.
Мындан тышкары, документте «унчукпай макулдук берүү» принцибин киргизүү каралган.
Ага ылайык, эгерде мамлекеттик орган белгиленген мөөнөттө чечим кабыл албаса, арыз канааттандырылды деп эсептелет.
Бул принцип улуттук коопсуздук, коргонуу, саламаттык сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоо багыттарына тиешелүү маселелерге колдонулбайт.