www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эсимде, илгери союз куларына аз калганда “самопал милисалар” кармалып алтоосу иштен айдалган. Ошол кезде бул кабар коомчулукту дүрбөткөн эле. Самарканддан жасалма диплом алган “кызыл шапкечендер” заматта кызматтан ыргып, бышмыйып кочегар болуп калышкан. Ал эми акыркы жылдарда жасалма диплому бар айыл өкмөттөрү, бала бакчанын башчылары эле жазаланып, чоң кызматтагылар, депутаттар дале болсо жылуу ордунан козголбой кала беришкени эмнеден?
Жогору жактын канатынын алдында калган шаар мэри деле бир тал чачы түшпөстөн жигердүү иштеп жатат. Эл өкүлү дагын козголуп койгон жок. Жакшылап иликтешсе жүздөгөн жасалма дипломдун “үзүрүн” көрүп жүргөндөр табылаары калетсиз. Албетте, ошолордун ичинде дале болсо күч түзүмүндө күпүлдөп иштеп жүргөндөр чыгаарына шек жаралбайт. Сабатсыз болсо да шылуундукту үйрөнгөндөр эч кимге камчы салдырчудай эмес. Окумуштуулук даражаны плагиаттык ыкма менен өзүнө оодарып алган академик, профессорлор турганда анын жанында “самопал диплом” шоона эшпей калат го?
Булак: "Ачык сөз"