www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандагы эң белгилүү бейформал конференция – “ЖаштарКэмп” бул ирет – “Муундардын диалогу”деген аталышта жаңы форматта өтөт. Быйыл иш-чара бир гана жаштарга арналбай, ата-энелердин, мугалимдердин жана мамлекеттик кызматкерлердин дабаарлашуу аянтчасы болот.

Иш-чара «СЕН ТЫ YOU» долбоорунун алкагында каржыланып, Кыргызстандагы ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн уюму, «Youth of Osh» коомдук бирикмеси жана «Прогресс Араван» фонду менен биргеликте ишке ашырылууда.

Биздин коомдо жаштар улууларга сый көрсөтүү менен өз ой-пикирлерин, сезимдерин ачык айта алышпайт. Эки тарап тең ойлорун ачыкка чыгара албаган учурда ортодо ажырым пайда болуп, түшүнбөстүктор келип чыгууда. “ЖаштарКэмп 2018”- улуу муундун жана жаштардын ортосундагы бейформал пикир алмашуучу аянтча. Долбоор эки муундун ортосундагы ажырымды азайтып, коомдо калыптанып калган терс ой-пикирлерди жоюуга, биргеликте иш алып барууга үндөйт. Ошондой эле бизнес, билим берүү, спорт, маданият, дин жана жарандык коомдун өкүлдөрү чогулуп, тажрыйбалары менен бөлүшүшөт.

«Чоң кишилер жаштардын жашоосунда маанилүү роль ойнойт. Чоңдор менен жаштардын конструктивдүү пикир алмашуусу, бири бирине ишеним жана колдоону сезе билүүсү өтө маанилүү. Бул аянтчада чоңдор менен жаштардын ортосунда диалог түзүүнү, бирдей мүмкүнчүлүктөрдү жаратууга дем-күч берүүнү көздөйбүз. Улуу муун өкүлдөрүн улан-кыздар гана саатчы болууга чакырууга, жаштарды көз карандысыз болууга үндөөгө, ошол эле учурда жоопкерчиликти сезе билүүгө, максатты көздөй коркпой кадам коюу үчүн багыт берүүгө аракет кылабыз»,- дейт «YouthofOsh» коомдук бирикмесинин аткаруучу директорунун милдетин аткаруучу Назгүл Акылбек кызы.

Бейформал конференция эркин жана ийкемдүү форматта өтөт. Атайын чакырылган спикерлер 45 мүнөттөн сүйлөшөт. Катышуучуларга түрдүү тармактагы спикерлер менен пикир алмашууга шарт түзүлөт. Спикерлер жашоодогу, жумуштагы ийгиликтерин бөлүшүп, чоңдор жана жаштар ортосундагы ымаланы жандантуу тажрыйбаларын ортого салышат.

Иш-чаранын алкагында «Мүмкүнчүлүктөрдүн жармаңкеси» жана интерактив-маанайшат программа да болот.

Өтүүчүжай: Жалал-Абаддагы К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети

Убакыты: .  15-ноябр, саат 9:00

Кирүү акысы:

Общественное объединение «Youth of Osh»
723500, ул
 
Заднепровского 26, 
г.Ош 
 
Кыргызстан
Тел/Факс: +996 3222 2 25 35 
   
 
Pubic Association «Youth of Osh»
Zadneprovskogo 26 str, 
723500 Osh, Kyrgyzstan 
Tel/fax: +996 3222 2 25 35 
Follow us: Facebook Twitter  - Instagram 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости