www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жазык иши жана соттун өкүмү жок 25 беш жылга соттолгон аял бошотулганы тууралуу жергиликтүү басылмалардын бири осбудсмен институтуна шилтеме берип жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Токмок шаардык соту аял жазасын өтөп бүттүү деп эсептеп, бошотуу чечимин кабыл алган.

Буга чейин №2 абакта аял соттун өкүмү жок жаза өтөп жатканын кабарланган. Айыпталуучу 11 жыл камакта отурган. Ал жазык мыйзамына өзгөртүүлөр киргенден кийин сот анын ишин карабай жатканын айтып, омбудсменге кайрылган.

Сот учурунда Эльмира Кашкарованын иши жоголуп кеткени маалым болду. Бирок Токмоктун соту менен прокуратурасы ким жана качан жоготуп алганын түшүндүрүп бере алган эмес.

Башкы прокуратуранын жообу боюнча, кылмыш иши жоголгон фактысы  Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Сотко чейинки тергөө иши Чүй облусунда Улуттук коопсуздук мамлкеткетик комитетинин башкаруу бөлүмү тарабынан жүргүзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости