www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

3-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук соту Бишкек Жылуулук электр борборундагы (ЖЭБ) өндүрүштүк кырсыкка байланыштуу соттук ишти кароону улантат. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Буга чейинки отурумдарда «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев көрсөтмө берген. Ал бул ишке орун басарлары жооп бериши керек экенин айткан. Прокурор экс-директор Кыдырбаевдин көрсөтмөсү буга чейинкилерден айырмаланып жатканын белгилеп, «ал жоопкерчиликтен качып жатат» деп билдирген.

2018-жылы январь айындагы Бишкек ЖЭБиндеги өндүрүштүк кырсык боюнча «Улуттук энергохолдингдин» мурдагы башчысы Айбек Калиев, «Электр станциялары» ачык акционердик коомунун жетекчисинин мурдагы орун басары Бердибек Боркоев, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы директору Узак Кыдырбаев, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун аткаруучу директору Темирлан Бримкулов, «Улуттук энергохолдингдин» биринчи орун басары Нурлан Садыков, Бишкек ЖЭБинин мурдагы директору Нурлан Өмүркул уулу менен ЖЭБдин мурдагы башкы инженери Нургазы Курманбековго айып коюлган.

ЖЭбдеги өндүрүштүк кырсык боюнча сот 2018-жылдын 12-октябрында башталган.

Бишкек ЖЭБиндеги жагдай боюнча жалпысынан беш кылмыш иши козголгон. Негизги иш - модернизациялоодогу коррупцияга байланыштуу экс-премьер-министрлер Сапар Исаков жана Жантөрө Сатыбалдиев баштаган сегиз кишиге айып коюлган.

2018-жылдын 26-январында Бишкек ЖЭБиндеги суу бөлүштүрүүчү жабдуу иштен чыгып, 20 градустан ашкан катуу суукта абоненттер беш күн бою жылуулуксуз калган. Бул кырдаал андан жарым жыл мурда модернизацияланган жылуулук борборуна карата сынды күчөтүп, Кытай берген 386 миллион доллардын сарпталышы боюнча элдин нааразылыгын жараткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости