www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эки күн мурун Свердлов райондук сотунда Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иштин алкагындагы соттук териштирүү улантылды. Процессте айыптоочулар менен адвокаттар тарабынан алты өтүнүч келтирилди. Алардын баары мыйзамдын чегинде чечилди. Ошону менен бирге, жабыр тарткан тарап катары «Электр станциялар» ААКтын өкүлдөрү суралды.

«Бул жерде 20 жактоочу, 8 айыпталуучу жана мамлекеттик доллар дегендер кайдан чыкканын, долбоорду кантип калкалап өткөргөнүн, мамлекетке кандай зыян келгенин эксперттердин баасы менен жооп берди.

Эч качан унутпашыбыз зарыл, жапа чеккендерди суроо уланат, эгер айыпталуучулардын коргоочуларында суроосу болсо кийинки отурумдарда кайра сураса болот» деди Коңкобаева. Ошону менен бирге прокурор, азыркы маалда жабыр тарткан тараптын мыйзамдуу өкүлдөрүнө сурак жүрүп жатканын, жактоочулардын жабыр тарткандар бир да суроого жооп бере албады дегени туура эмес экенин билдирди. «Жөнөкөй жарандар күн сайын сотко барбайт, андыктан кыжалат болду, мүмкүн кайсы бир жеринде оюн чагылдыра албады, муну туура түшүнүш керек.

Бирок, негизги суроолорго, 111 млн. доллар, 386 млн. доллар дегендер кайдан чыкканын, долбоорду кантип калкалап өткөргөнүн, мамлекетке кандай зыян келгенин эксперттердин баасы менен жооп берди. Эч качан унутпашыбыз зарыл, жапа чеккендерди суроо уланат, эгер айыпталуучулардын коргоочуларында суроосу болсо кийинки отурумдарда кайра сураса болот» деди Коңкобаева. Мамлекеттик айыптоочу жабыр тарткандар тараптан болгону үч киши сураларын кошумчалады.

«Электр станциялар» ААКтын жетекчиси да чакыруу пландалууда. Эске салсак, Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш иши козголгондон кийин эксперттер мамлекет 5 млрд. 439 млн. сом зыян тартканын аныктап чыккан.

Ири коррупция боюнча мурдагы премьер-министрлер Сапар Исаков менен Жантөрө Сатыбалдиевге, мурдагы энергетика министри Осмонбек Артыкбаевге, «Улуттук энергохолдинг» компаниясынын мурдагы төрагасы Айбек Калиевге, анын ошол кездеги орун басары Жолдошбек Назаровго, «Электр станциялары» ишканасынын мурдагы жетекчиси Салайдин Авазовго, ЖЭБди модернизациялоо долбоорунун мурдагы аткаруучу директору Темирлан Бримкуловго жана мурдагы финансы министри Ольга Лавровага кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу жана коррупция беренеси боюнча айып коюлган.

Булак: "De-facto"

 

 

Последние новости