www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Эт эмес же чел эмес, бары-жогу белгисиз коңулда күн кечирип жүргөн министрлердин сап башында Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев турат.
Министр болуп эмнени кыйратып жатканы түшүнүксүз. Жүрөт эптеп "өйдө тартса өгүз өлбөсүн, ылдый тартса араба сынбасын" деген арабөк абалда ың-жыңсыз...
Мындан улам өлкө башчысы Садыр Жапаровдун дагы министрдин ишине ичи чыкпай, жакынкы аралыкта кызматтан алат экен деген сөздөр айтыла баштады. Ырасында, президент деле мажүрөө Кулубаевден чарчаса керек.
Себеп дегенде, соңку жылдары Кыргызстандын тышкы саясаты чеке жылытпай жатканы баарына эле маалым. Өзгөчө эзелтен өнөктөш катары саналган Россия менен дипломатиялык мамиленин солгундашы өлкөгө, өлкө башчысына болгон ишенимди кыйла эле төмөндөтүп жиберди.
Анан ушундай кадрды бөпөлөп кармап отуруштун кажети барбы? Ишти тарта албай жаткандан кийин, ордуна эчак дасыккан дипломат бирөөнү коюп, тышкы саясаттагы алаканы жөнгө салуу зарыл эмеспи...
Жээнбек Кулубаев колунан иш келбеген менен амбициялуу интриган экени, министрликтеги келечектүү кадрлардын баарын “ордумду ээлөөгө атаандаш болот” деген "арам максат" менен ар түрдүү шылтоолор менен ар кайсы жактарга которуп, алардын ордун жалаӊ гана өзүнө пайдалуу депутат, жетекчилик кызматта олтурган адамдардын уул-кызы, тууган уруктары менен толуктап алганы тууралуу сөздөр көптөн бери айтылып келет.
Мына ушундай жеке кызыкчылыкты көздөгөн кадрдык туура эмес мамиленин айынан Тышкы иштер министрлиги кесипкөй-тажрыйбалуу адистерден аксап жатат десек жарашат.
Булак: NazarNews.kg