www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков барган сайын эле мүдүрүлө баштады. Же кыйраткан иши болсочу? Баткендеги чек ара чырына байланыштуу көйгөйлөрдү айтышкан көпчүлүктү жекирип алыптыр эй! “Митингге акча алып чыгып атышат” деп ооз көптүргөнү менен коомчулуктун кыжырын ого бетер кайнатты... Ал эми казак-кыргыз чек арасында унаалардын тыгыны жаралганы, ишкерлердин жүктөрү өтпөй атканы көйгөйгө айланып, өкмөт аралык маселенин чечилүүсү кечеңдеди. Казак тарап менен караңгыдан көз тапкандай сүйлөшүүлөр болбой атканы өкүндүрөт. Мындай шартта Жеңиш Разаков менен Замирбек Аскаров чек арадагы жүк ташуучуларга ысык чай таратканын жар салышты. Мына сага реформа! Дал ушундай аргасыздык, жеңил пиар менен өкмөт алектенип калды. Анан кантип элибиз нааразы болбойт?.. 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости