www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жеңиш Разаков Өкмөттүн жаңы Кодекстер тууралуу маалымат жыйынында "Түкүрүк" боюнча чоң ажиотаж пайда болду деп белгиледи.

- Азыр таштандыларды белгиленген эмес жерде таштаган боюнча, 5500 сомго түкүрүк да кошулуп калыптыр, бул башка түрдө болсун деген пикирлер болууда. Белгиленген эмес жерде 1000 сом коюлсун деген талаптар коюлуп жатат. Тартип бузуу боюнча мыйзамда Кодексин 2-окууда түкүрүк боюнча маселе каралат. Мыйзамдын заманы өзгөрүп жатат. Бузуулар Кодексинде автоунааны башкарууда мас болсо айдоочу, баш тартса 5500 сом айып пул төлөйт. Мас адам кармалса, медициналык кароодон баш тартса, 17500 сом кылууну талкуу кылдык, - деп баса белгиледи эл өкүлү.

"Таштанды өрттөгөндөргө 5, 5 миң сом айып салуу туура. Бирок түкүрүк үчүн бул абдан көп. Мындан улам вице-премьер-министр түкүрүктүн айып пулун туура эмес жерде чегилген чылымдыкына теңөө боюнча жыйын өткөрдү. Башкача айтканда, айып пул 1000 сомдун тегерегинде болот", — деди Разаков.

Анын айтымында, өкмөт бул маселени коомчулуктун нааразычылыгынан кийин карап чыгууну чечкен.

"Коопсуздук курду тагынбай койсо, 1000 сом айып пул төлөйт. Биздин эксперттик топ кайда болсо дагы бузуулар бардык жерде, бирдей болуусу керек", - дейт депутат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости