www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекен - бул сен барып өлө турган жер. Биз башка жерде өлгөнгө акыбыз жок...

Эмнени гана эскертишпейт: ФБда 30 миллиондон ашык ээси каза болгон аккаунттар турат деди. Мен ошол замат өзүмө тааныш, жакындарды эстедим. Алар чын эле ээси жок калган үйдөй сезилишти. Чамгарак атпай кээде бүгүнкүңдү, анын дүк-дүк эткен жүрөгүн тыңдай жүрөлү. Кайдан чыгып кайда бараткан конок экенибизди бир эстеп алыш үчүн...

Эгерде бизде Маңкурт образы болбогон болсо анда аны биз качандыр атайылап жаратышыбыз керек эле... Бул – кыргыздын жаманды жектегендеги эң акыркы сөзү.

Мен Мекенди ичтен эмес сыртынан коргоп келем. Бул алда канча оор милдет эй...!

Жайында бир таанышым сурады: “Бир кесиптешибиз Түркияга үч айга тажрыйба алмашууга барып келген. Келип эле, - Кыргызча жанагы... тиги сөздү кантип айтчу эле...? деп таза эле түркчө кошуп сүйлөп калыптыр! Тобоо кылдым. Айтчы, силер сыртта жүрөсүңөр, же чын эле ошондой болуп калабы?” деп. Үч ай эмес үч жыл жүрүп келсе да башкача жооп узатат белем бирок “кыргыз ошондой аксагыбыз менен миңбиз да...” деп тим болдум.

Бала кездин демек Союз кезеңинин бир күнү айылдаш агалардын баласы аскерден келди. Салт боюнча үйүнө барып учурашып келген апам үйгө кирип: “Баланча акенин баласы аскерден “короче” деп сүйлөп келиптир деген эле. Айылдын өзүнүн өзгөчө бир тазалыгы болот. Айыл ичиндеги ар бир кыбыр эткен тириликке, жаңылыкка, өзгөрүүгө алар өздөрүнчө баа беришет жана алар чынында ар бир жашоочуга таасир этет. Ошол үчүн жакшылыгына да жамандыгына да ар бири кайдыгер карашпайт. Тыгыз катышты түзөт. Ошондон улам ар айыл ичинин өз дүйнөсү, менталитети, кулк-мүнөзү жаралат. Ошол сызыктан аркысы аларга ошол замат жат сезилет, өөн көрүнөт жана көрүнөө болот. Жөнөкөй, тоосундай таза, баладай маңыроо айыл ичине орусча кошуп сүйлөп келген ошол кулуну жаңылык көрүнгөн. Ошого окшош тазалык дайыма кала берсе дейсиң. Ал эми чындыгында Советтик Армия элет жигиттеринин боюн да, оюн да түзөп, орус тилине чыныгы мектеп болуп берчү. Бизге ошол өңдүү бир мектеп жетпей туру.

Дептериме – “Былтыркы булуттар” деп тема койдум. Бул өзүм үчүн бир романдык сүйлөмдөй сезилди...

Орустун Шукшини 45 эле жаш жашаган экен....

“Же мен лингвист болбосом сөздүк түзүп эмне кылам” деп ойлонгон элем... Бирок мен Мекенден алыс жүргөн үчүн, тилдин, улуттун кадырын ого бетер түшүнгөн үчүн, эне тилге болгон парызды сезген үчүн сөздүккө баш урдум... деп жаздым.

Биз “жакшы анан жаман адам”деген гана критерийлер менен бааланбайбыз. Адамдар тоскоолдукту жеңген жана жеңе албагандар ... деп да айырмаланышыбыз керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости