www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айылдык депутаттардын билими парламенттеги бир катар эл өкүлдөрүн түйшөлткөн маселеге айланды. Тагыраагы, бүгүн, 20-ноябрдагы ЖКнын “Ар түрдүү маселелер” жыйынында эл өкүлдөрүнүн кароосуна келип түшкөн мыйзамдын ушундай чийки жактары каралууда.

Мыйзам долбоору ушунчалык таасир калтырса керек, төрага Дастан Жумабеков сөз алып аталган маселеге кайрылды.

“Биз анда мектеп директору, башкы дарыгерлерге мүмкүнчүлүк берели. Алар дагы жергиликтүү кеңештерге депутат болсун. Себеби дипломдору бар да. Бүгүнкү күнү айыл жерлеринде активдүү элге кызмат кылган ага-эже, жеңелер бар, билими жок эле. Мыкты тракторист, фермерлер бар, айылына, көчөсүнө, жамаатка жардамын берип, көйгөйлүү маселесин чечип келишет. Баары эле жогорку билимдүү болсун десек, алардын укуктарын чектеп койгон болобуз”, – дейт Жумабеков.

Андан дагы төрага, “айылдан чыккан жогорку билимдүүлөрдүн баардыгы шаарда жүрөт” деген кызыктуу кебин айтты. Бирок буга демилгечи депутат Акылбек Жапаров кошулбай турганын билдирди. Анын айтымында диплому бар, бирок айыл жергесинде иши жок жүргөн жаштар толтура. Ал мындай статистиканы мыйзам долбоорду экинчи окууда карап жатканда алып келип берүүнү дагы убадалап жиберди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости