www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Шаменден сырын жашырбаган орус гүбүрнатыры Герасим Колпаковский Үмөталы баш болгон сарбагыштарды кантип Орусиянын карамагына кийирүү тууралуу ойлорун ортого салды. Бул өтө оор маселе эле, Асман империясы Үмөталынын Орусияга кошулбай, өз алдынча турганын себеп кылып Чугучакта түзүлгөн чек ара боюнча келишимди сактабай турган. Андан тышкары келечекте Үмөталыны өзүнүн карамагына кошуп чек ара тилкесин Нарын дарыясынан бөлүүнү талап кылышмак. Орустарга эмне, керек болсо азыр күч алып бараткан манчжурлардын тилине кирсе, чек араны кайсы жерден болсо бөлүп коюшат. Аркалык кыргыздардын казактардын артынан аларга кошулганы аз эле болду, ал эми Түштүк кыргыздары али Кокон ханынын карамагында.
Колпаковский Соң-Көлдө он чакты күн жатып, мейман болду. Ага арнап эки энеге тел, кысыр эмди тайлар союлду. Бул тайдын эттери бышып турган эле өрүктөй былбырап, жеген да арманда, жебеген да арманда эле. Шамен атайын даярдатып койгон боз үйдө кымыздан арак тартылып, арак сагынып калган Колпаковскийди ээрчип жүргөн аскер адамдары үчүн да той түштү. Кытайга кетип баратып Шамен тууралуу тескери пикир ойлогон Колпаковский сөөгү этине батпай ыраазы эле. Бир чети Шамендин алардын жайыл дасторкону менен тосуп алганына ыраазы болсо, экинчиден, ушул күнгө чейин баш ийбей келген Ормон уулу Үмөталынын тилин таап, Шамен Чын империясына кошпостон кыргыз эли менен бирге Орусиянын карамагына өткөрүү тууралуу оюн ортого салды. Шамен айткан соң жасайт, бекер жеринен учурунда Ормонхандын кеңешчиси болгон жок.
Колпаковский кетеринде Шамен жайытына ээрчитип барып кырк чаар байталды көрсөтүп, тилмеч аркылуу:
-Менин сизге арнаган белегим ушул, айдата кетиңиз.-деди.
Кырк бирдей түстөгү келишимдүү жылкыны көрүп, гүбүрнатырдын көздөрү чачырап кетти. Башын кайра-кайра таңдана чайкап:
-Господин Шамен бул жерде багыла берсин. –деди.
Колпаковский жүрүп кеткен соң Шамен жигиттери менен Үмөталынын көздөй жол тартты. «Элчиси ээсиз болсо, башчысынын башына бак конбойт» дегендей, эч кимге баш бербеген Үмөталы өлтүрүлгөн орус аскерлеринин кунун төлөп, 1868-жылы Орусиянын карамагына өттү. Үмөталынын ак падышанын амирин тааныгандан кийин, 1868-жылы бүткүл аркалык кыргыздар эки баштуу бүркүттүн карамагына өтүштү. Кытай-орус чек арасы кытайлыктар күткөн Нарын дарыясынан бөлүнбөстөн, кийинки урпактарга белгилүү болгондой тоо кыркалары аркылуу бөлүнүп, 1881-жылы Санкт-Петербург келишими боюнча Кытай бул чек араны тааныды.
Жоон-Арык суусунун шарпылдаган үнүн тыңшап, чоң айыл таңкы жымжырттыкта мемирейт. Каптап келаткан таңкы шоолада айсыз жылдыздуу асман керемет сыр каптап тургансып, аалам чексиздигине кулак түрө мелжилдеп тургансыйт. Кайсы бир жакындыктан, көгөндөлгөн кой –короолордо мемиреп жуушап жаткан койлордун мезгил-мезгили менен кошкурган, эчкилердин мекиренген добуштары угулат. Уйлардын пыш-пыш этип чыгарган дабыштары менен катар түн менен таңдын кожоюндары эсептелген иттердин абалап үргөндөрү үсүл-кесил угулуп жатты. Жоон-Арык суусунун жээги гүлдөгөн токойго айланган. Шамен селт этип уйкусунан ойгонуп сыртка кулагын түрдү. Жакын токойдо кандайдыр бир чымчык жан-алы калбай жылаан соруп, ажыдар ооп тартып келаткансып безенип сайрап жатат. Сайраганда да муңдуу жүлүнгө сайып, жүрөктү мыкчып, тирүү жан чыдап тура алгыстай үн салып сайрады. Боз үйдүн өзү жаткан күн чыгыш тараптагы туурдугун саал өйдө көтөрдү. Али жарыктыктын жыты да билинбейт, бирок таңдын кебездей жумшак атыр жыты боз үйгө атыр жыт чачып кирип келгендей. Шамендин көңүлү жайланып, маанайы ачылып кетти. Түгөнбөс кыялга чайынган Шамен бүгүн боло турган орунттуу окуяларды ойлобой, чымчыктын эмнеге сайрап жатканына тынчсызданды. «Бул эмне болгон чымчык, эмнеге токой тараптан үн салып, бүгүнкүдөй түйшүктүү күн алдында таңдын бейпилин чок бастыргансып безеленип турат. Деги жакшылыктан кабар берип турса экен, бүгүн таң атпай безеленип, таң жарчысындай болуп турушунда эмне сыр бар болду экен. Деги жакшылыкты алып келсе экен. –деп ойлоду.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ