www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда 2026-жылга чейин Улуттук өнүктүрүү программасынын алкагында аэропорттордун инфраструктурасы жакшырып, ички авиакаттамдар калыбына келтирилет.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-майда, Ысык-Көл облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында "Каракол" эл аралык аэропортунун жаңы аэровокзалынын курулушуна капсула салуу учурунда билдирди.

Мамлекет башчысынын айтуусуна караганда, күн сайын Кыргызстандын кооздугу жөнүндө алыстан уккан туристтер өлкөгө келүүнү каалашат. Эл аралык аэропортторду ар тараптан өнүктүрүп, колдоп туруу — мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири.

"Кыргыз Республикасын 2026-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында, аэропорттордун инфраструктурасын жакшыртуу чечимин кабыл алган элем. Ага "Ысык-Көл", "Каракол", "Нарын", "Ош", "Жалал-Абад" жана "Баткен" аэропорттору киргизилген.

Буюрса, республикадагы ички каттамдар калыбына келтирилип, бардык аэропорттор: Казарман, Талас ж. б. аэропорттор ишке киргизилет. Бул чыгашалар "Манас" аэропортунун таза кирешесинин эсебинен жабылат. Былтыр ал жакта коррупцияны жоюп, быйыл таза кирешеси 4 миллиард сомду түздү.

Буга чейин таза кирешеси 2 миллиард сомдун тегерегинде болчу. Элибиз үчүн бир облустан экинчи облуска тез жана ыңгайлуу каттоосуна мүмкүнчүлүк түзүлөт", - деп баса белгиледи президент.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости