www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте адам уурдоого шектүүлөр кармалды

Бишкекте адам уурдоого шектелип эки жигит кармалды, - деп билдирет Милициянын кайгуул кызматынын маалымат кызматы.

Билдирүүдө айтылгандай, үстүбүздөгү жылдын 5-майында болжол менен саат 14:40тар чамасында 22 жаштагы А.А., аттуу жаран жардам сурап милицияга кайрылган.

"4-майда болжол менен саат 18:00дө арыз ээсин чала тааныш болгон 8-9 бала Байтик баатыр көчөсүнөн BMW үлгүсүндөгү автоунаага салып, 5-май, саат 14:00гө чейин үйдө кармап, коркутуу жолу менен ири суммадагы акча талап кылышкан", - деп айтылат билдирүүдө.

Кайгуул кызматкерлери ыкчам кармоо иш-чараларын жүргүзүп, кылмышка шектүү делген 27 жаштагы П.А., жана 26 жаштагы Ж.А., аттуу жарандарды кармап, Биринчи май районундук ИИБнын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

undefined

Аталган факты Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү тарабынан Кылмыштардын бирдиктүү реестринде катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости