www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атамбаевдин кол тийбестигин алып салууда ушул маселе козголду, кайсы партиядагы депутаттардын келиши үчүн Атамбаев ак батасын берген? Кээ бир депутаттардын айтуусунда “Ата-Мекен” партиясынан тышкары 5 фракциянын депутаттарын тандалган соң Атамбаев тарабынан кароодон өткөн. Мүмкүн, “Бир бол” партиясынын лидери Алтынбек Сулайманов: Игорь  Чудинов, Акылбек Жапаров, Кубанычбек Жумалиев сыяктуу депутаттарды Атамбаевдин кароосу жок эле өзүм алып келгем деп чыкты бул туурадыр. Кайсы депутаттардын парламентке келишине Атамбаевдин “ак батасы” тийген?

 

1. СДПК

СДПК  Абдыганы Эркебаев, Жумабек Ибраимов, Амангелди Муралиевдер уюштурган соң Атамбаевдин ээлеп келаткан партиясы. 2007-жылы бул партия лидери Атамбаевди өкмөт башчысына алып барып,”чээнге кирип” кеткен. 2008-жылы Коомдук парламент түзүлүп, Аликбек Жекшенкулов тарабынан бул партиянын көркү оппозицияда ачыла баштаган. 2010-жылы бийлик алмашат, ошол жылдан баштан кыргыз бийлигинин “ээринде” СДПК бийлик башында келатат. Ошондуктан, СДПКга кайсы депутат келери Атамбаев тарабынан кылдат иликтенген.

 

2. “Кыргызстан” партиясы

Бул партия 2015-жылы түзүлүп тура элек жатып “туурга” конгон. Бул партияны “жаштардын СДПКсы” деп эл атап койгон. Арийне, тура элек жатып бийликти көздөгөн бул партияда көп чырлар болгон. Эң башында ушул иштерди уюштуруп келаткан Каныбек Иманалиевди “Ата-Мекенди” көздөй сүрүшкөн. Андан соң фракция лидери Канат Исаевди камашкан.Бул партия ишкер Шаки Абдыкеримовдун “жеке менчигине” айланган дешет. Шаки мырза учурунда Атамбаевден уруксатсыз бир кадам алдыга жыла алмак эмес.

 

3. “Өнүгүү –Прогресс” партиясы

Бабановдун жылуу колтугунда өсүп чыккан. Бул алгачкы секирүүдө Атамбаевден бата албаса парламентке жетпей калмак. Атамбаев менен Коммунисттер партиясынын лидери Исхак Масалиев   “Өнүгүү –Прогресс” партиясынын марага жетишине чоң күч берген. Бирок, Бакыт Төрөбаевдин мээси Атамбаев деп согумуш болгону менен, жүрөгү Бабанов деп согуп жүрдү.

 

4. “Бир бол” партиясы

Бул  да  “Өнүгүү –Прогресс” партиясына окшоп кетет. Бирок, бийик трибунада Сулаймановдун биз Атамбаеви жок эле тизмени түзгөнбүз деп айтканына караганда бир мандеми бар.

 

5. “Республика-Ата-Журт”

Бул партия миң бут тосушса да, бул парламенттик шайлоодо бары бир жеңиш менен келмек. Анткени, Бабанов жетектеген “Республика” менен Ташиев жетектеген “Ата-Журт” бириккен.  Ошондуктан, Атамбаев тизмесин караса ал кезде “Аби” деп сыйлап жүргөн үкасы Бабанов аркылуу карагандыр. Атамбаевге бул тизмеде лидер болуп Ташиевдин жүргөнү жакпай калгандай, ошонун себеби, шылтоо таап аны лидер эмес, депутат катары да парламентке жолоткон жок.

 

6. “Ата-Мекен” партиясын парламентте да айтып жатышат Атамбаев тизмесин түзгөн эмес дешип. Чынында “Ата-Мекен” Атамбаевге каршы чыккан, ошондуктан 7 жыл ал сыртынан соттоп жиберген Мелис Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” партиясы менен “кыл көпүрөдөн” өткөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости