www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жо Байденден коронавирус аныкталды

АКШ президенти Жо Байдендин коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Бул тууралуу Ак үй билдирди.

Байден оорунун жеңил белгилери менен обочолонуу режимине өттү жана кызматкерлер менен телефондо сүйлөшүп, белгиленген жолугушууларга видеобайланыш аркылуу катышып, аралыктан иштеп жатат.

Президент коронавирус тести терс чыккандан кийин гана бетме-бет жолугушууларга кайтып келет.

13-16-июль аралыгында Байден Жакынкы Чыгышта болгон. Ал Израилге, Палестина автономиясына жана Сауд Арабиясына барып, бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, башка иш-чараларга катышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости