www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊештин 15-майда өткөн жыйынында бир катар депутаттар мамлекеттик «Кыргыз телеком» компаниясына караштуу «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссия түзүү демилгесин көтөргөн. Ошондон улам, КСДП жана «Өнүгүү – Прогресс» парламенттик фракцияларынын чечимдеринин негизинде депутаттык комиссия түзүлгөн. Ал бир ай ичинде депутаттарды өзүнүн иликтөө жыйынтыгы менен тааныштырууга тийиш. Бул тууралуу ЖК Басма-сөз кызматы билдирди. 

Депутаттык комиссиянын курамына КСДП фракциясынан Акаев Жанарбек, Жураев Сайдолимжан, Осмонова Айнура, Кулбараков Абтандил, «Республика – Ата-Журт» фракциясынан Маматалиев Марлен, Зулушев Курманкул, Жеенчороев Мирлан, «Кыргызстан» фракциясынан Баатырбеков Алмаз, Масабиров Таалайбек, «Өнүгүү – Прогресс» фракциясынан Асылбаева Гүлшат, Жамалдинов Зиядин, «Бир Бол» фракциясынан Жапаров Акылбек, «Ата Мекен» фракциясынан Шыкмаматов Алмамбет кирди.

Бүгүн, 17-май Жогорку Кеӊеште «КТ Мобайл» компаниясынын ишин иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын алгачкы отуруму болот. Жаңылыктар алдыда. Депкомиссия кандай чечим чыгарып, кимди жарга такайт, кутө туралы. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости