www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 20-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар бир катар мыйзам долбоорлоруна добуш беришти. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынтыгында төмөндөгү мыйзам долбоорлору кабыл алынды:

Биринчи окууда:

- “2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 20.02.20дагы № 97 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө”, “Кыймылсыз мүлккө жана аны менен болгон бүтүмдөрдү укуктарды мамлекеттик каттоо жөнүндө”, “Ички жер которуу жөнүндө” мыйзамдарга) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.02.20дагы № 71 токтом);

- “Жеке адамдардын мүлкүн жана кирешелерин ыктыярдуу декларациялоосу жөнүндө” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 24.01.20дагы № 28 токтом);

- “Кыргыз Республикасынын Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Аманкулов М.А., Бекешев Д.Д., Мавлянова М.Э., Эргешов А.М., Жунус уулу Алтынбек, Аттокуров Д.Б., Джураев С.М., Баймуратов К.Ш., Жунус уулу Адыл, Момбеков Р.Ч., Ормонов У.З., Сыдыков Б.У., Конушбаев Т.К., Жумалиев К.М., Исаев Ж.Б., Тотонов Н.Т., Жеенчороев М.К., Строкова Е.Г.)

- “Инвестицияларды колдоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Нурбаев А.М., Акаев Ж., Жээнбеков А.Ш., Зулпукаров Т.З., Керезбеков К.К., Сулайманов А.Т., Өмүркулов И.Ш.);

- “Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдары чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 05.03.20дагы № 134 токтом);

- “Саясий партиялар жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечилер – депутаттар Алтыбаева А., Алимбеков Н., Бакиров М.).

 

Экинчи окууда:

- “Электрондук башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 13.02.20дагы № 78 токтом);

- “Руанда Республикасынын Кигали шаарында 2016-жылдын 15-октябрында кабыл алынган Озон катмарын бузуучу заттар боюнча Монреаль протоколуна түзөтүүнү ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 04.12.19дагы № 660 токтом);

- “2001-жылдын 16-ноябрында Кейптаунда кол коюлган Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенцияга жана Кыймылдуу жабдууларга карата эл аралык кепилдиктер жөнүндө конвенциянын Авиациялык жабдуулар боюнча протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 14.10.19дагы № 542 токтом);

- “2019-жылдын 18-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган, Сеул шаарында 2006-жылдын 11-июлунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Корея Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Аба катнашын орнотуу жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.12.19дагы № 740 токтом)

- “2019-жылдын 1-февралында Алматы шаарында кол коюлган Кемечилик жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 29.10.19дагы № 581 токтом)

Жогорку Кеңештин токтомунун долбоорун кабыл алуу:

 - “Баткен жана Жалал-Абад областтарында жүргөн сел ташкындарынын кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө”

Булак:NazarNews.org

Последние новости