www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кенештин депутаты, Отун-энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин төрагасы Кожобек Рыспаев анык күн тийген жердин күкүгү экен. 2010-жылы «Ар-Намыс» партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин босогосун аттап, «жылдызы» жанган.

2015-жылдагы парламенттик шайлоонун алдында ат тизгинин шарт буруп, СДПК партиясына секирген эле.

Себеби, «Ар-Намыстын» шайлоодон жеңээрине көзү жеткен эмес. Ишенимдүү жеңишке жетүү максатында СДПКдан «жылуу орун» издеген. Бирок, өз аймагынан, тагыраагы кичи мекенинен СДПКга жетиштүү добуш алып бергенге жараган жок.

Ошентип, депутат болуп келээри менен Отун-энергетика комитетин жетектегиси келип, кызыл-чеке болуп талашты. Мурунку чакырылышта да аталган комитетти жетектеген. Комитет жетекчилиги атасынан мураска калгандай эле басып олтурат.

Эми СДПК партиясына сыртын салып, башка жакка жол издөө менен убара. Мындай «мамилесин» сезип калган СДПКчылар партиядан сүрүп чыгарды. Эми фракциядан чыгат болуп калганда, фракция лидеринин «эшигин жыртып» атып ордун сактап калды. Кубулма жүздүү Кожокенин учурда санаасы тынч комитетин тескеп опулдап олтурат. ЖК жыйынында бакылдаган депутат, комитет жыйынында манчыркаган «манап», көчөгө чыкса «куудул» өзгөрүлмө Рыспаев партияан чыгарылгандан кийин эсине келип. Кичи пейил адамга айланды. Таптакыр башкача Кожоке болуп чыга келди, жүзү тамылжып…

Өмүр бою бир позицияда жүргөн Кожоке болушунузга тилектешпиз, урматтуу Жайчыбекович!

Булак: "Мантыш"

Последние новости