www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыйноо боюнча арыздангандар көбөйдү

Кыйноонун алдын алуу борборуна быйыл тогуз айда жалпысынан 221 арыз түшкөн. Булардын 98и кыйноо фактылары, 51и катаал, адамгерчиликсиз мамиле боюнча арыздангандар.

Бул тууралуу аталган борбордун башчысы Нурдин Сулайманов “Азаттыкка” билдирген. Анын айтымында, мурдагыларга салыштырмалуу милицияга арыздангандардын саны азайган.

- Тогуз айдын ичинде өткөн жылга салыштырмалуу кайрылгандардын саны көп болуп жатат. Бизге келген арыздардын негизинде “кыйноо” беренеси боюнча тогуз кылмыш иши козголду. 55 иш боюнча кылмыш ишин козгоодон баш тартылды. Арыздардын басымдуу бөлүгү (85%) милиция кызматкерлеринин үстүнөн жазылган. Өткөн жылы бул сан 90% ашкан. Андан кийин УКМК, Жаза аткаруу кызматы турат.

Бүгүн, 23-октябрда Кыйноонун алдын алуу борбору 2017-жылдагы ишмердүүлүк боюнча Жогорку Кеңештин профилдик комитетине баяндама жасайт.

Кыргызстан кыйноого каршы бардык эл аралык документтерге кол койгон. Мамлекеттик эмес уюмдардын маалыматына караганда, акыркы алты жыл ичинде 1900дөй адам прокуратурага кыйноо тууралуу арыз жазып кайрылган. Изилдөө көрсөткөндөй, кыйноого туш болгондордун 60 пайызы арыз менен кайрылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости