www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаардык Биринчи Май райондук соту Икрамжан Илмияновдун баш коргоо чарасын карап чыгып, аны тергөө иштери убагында убактылуу кармоочу жайга алуу боюнча чечим чыгарды. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “алдамчылык” беренеси боюнча айып тагылып, дем алыш күндөрү Россия Федерациясынан колго түшүрүлүп, Кыргызстанга алынып келинген.

Ошентип коомдо мурдагы президенттин тушунда кыргыз саясатынын көшөгө артындагы кардиналы катары сыпатталган Икрамжан Илмиянов козголгон кылмыш ишинин алкагында Россия Федерациясында Дубай, андан ары Нью-Йорк шаарына учуп кете турган маалында колго түшүрүлүп, ыкчамдуу түрдө өз мекенине укук коргоо органдарынын коштоосунда алынып келип отурат.

Икрамжан Илимяновдун жактоочусу Сергей Слесарев:

“Ооба, Биринчи Май райондук соттун чечими менен Икрамжан Илмияновдун кармалышы мыйзамдуу деп табылды. Ага КР 166-беренесинин 4-бөлүгү, 2-пункту “Алдамчылык” боюнчаайып тагылган. Баш коргоо чарасын аныктоо процедурасы жабык түрдө болду. Иш менен кылдат таанышып чыгуу керек болуп турат”

Негизи Икрамжан Илмиянов тууралуу коомдо ар кандай уламыш, айың-кептер 2010-жылдан тартып тарай баштаган. Буга чейинки Атамбаевдин шопуру алгачкы жолу  саясатка кадам шилтеп, бир катар жооптуу кызматтарга тартылды. Мына ушул 7-8 жыл аралыгында жөнөкөй айдоочудан олконун бай адамдарынын катарынан орун алган Илмиянов өлкөдөгү бизнес, мамлекеттеги кадр саясатын каалашынча калчай баштады деп сын айткан инсандардын жоон тобу пайда болду. Ага ири курулуш компанияларында үлүштөрү бар, бир катар чет-өлкөдө кыймылсыз мүлкү, мал фермалары сыяктуу мыйзасыз ээлик кылган байлыктары опол-тоодой деп эл ичинде айтылып эле жүрдү.

Кененирээк төмөнкү видео материалдан көрүңүздөр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости