www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
7-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында 1,2,3-окуудагы мыйзам долбоорлору добуш берүүдөн өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Басма сөз кызматы билдирди.
1-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “2018-жылдын 6-июнунда Кызыл шаарында кол коюлган Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу (КМШ) мамлекеттердин куралдуу күчтөрүнүн кызыкчылыгында геомейкиндиктик маалыматтарды алмашуу жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.02.98дагы № 44 токтом).
2-ОКУУДА КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМ ДОЛБООРЛОРУ:
- “Кыргыз Республикасынын курулуш чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” (“Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”, “Кыргыз Республикасында жекече турак-жай курулушу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын шаар куруу мыйзамдарынын негиздери жөнүндө”, “Борбордун статусу жөнүндө”,“Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарга) мыйзам долбоору (демилгечи – Өкмөт, 17.12.18деги № 584 токтом);
- “2015-жылдын 8-майында кол коюлган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимге Кыргыз Республикасынын кошулуусуна байланыштуу 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин, Евразия экономикалык бирлигинин укугуна кирген айрым эл аралык келишимдердин жана Евразия экономикалык бирлигинин органдарынын актыларынын Кыргыз Республикасы тарабынан колдонулушу боюнча шарттар жана өткөөл жоболор тууралуу протоколго өзгөртүү киргизүү жөнүндө 2018-жылдын 14-майында Сочи шаарында кол коюлган протоколду ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 07.12.18деги № 572 токтом);
- “2018-жылдын 13-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга финансылык кызматташтык жөнүндө макулдашууну жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Германия Федеративдүү Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы 2017-2018-жылдарга техникалык кызматташтык жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” Мыйзамдын долбоору (демилгечи – Өкмөт, 31.01.19дагы № 34 токтом);
- «Пробация институтун жайылтуу маселелери боюнча өзгөртүүлөрдү Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзам долбоору (демилгечи – Өкмөт, 06.11.18дагы № 525 токтом).
КАБЫЛ АЛЫНГАН МЫЙЗАМДАР:
- «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору (демилгечи – Жогорку Кеңешинин депутаттары К. Рыспаев, Г.Молдобекова, Ж. Турускулов, Т.Тиллаев, М. Исаков, С.Джураев, У. Кыдыралиев, М.Эгембердиев, Н. Каримов);
- «Кыргыз Республикасындагы кепилдик фонддору жөнүндө» Мыйзамдын долбоору ((демилгечи – Өкмөт, 06.11.18дагы № 526 токтом);
- Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоору (Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодекске, «Өндүрүш жана керектөөдөн чыккан калдыктар жөнүндө» мыйзамга) (демилгечилер – депутаттар Бакиров М.И., Нурматов К.С., Токтошев Э.Т., Жунус уулу Алтынбек, Жамалдинов З.И., Мадеминов М.Г., Райымкулов Б.К., Жээнбеков А.Ш., Туманбаева Р.М.).
Булак: NazarNews.kg