www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда акыркы күндөрү эки тарапка бөлүнүү бул жакта турсун, сайда төрөлгөнү сайдын, коктуда төрөлгөнү коктуну ырдап, Түндүк-Түштүк маселеси бул жакта турсун топ-топко бөлүнө баштады. Бул бөлүнүүнү ынтымак жок жерде ырыскы да жок деп түшүнсө болот. Аттиң арман... Ак сакалын жайкалтып акыл айткан аталарыбыз көрүнбөйт дагы.

Бул көрүнүштү сырттан байкап турган Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина кыргыз тилин суудай таза билбесе дагы акыркы жылдары улуу Жогорку Кеңештин трибунасын өз кызыкчылыгына пайдаланып, кааласа олтуруп, кааласа туруп заара ушатып баштады. Карамушкина акыркы 6 жылдын ичинде Жогорку Кеңештин имаратында каалагандай бийлеп, каалагандай чардап, чет өлкөгө чыкканда Кыргызстандын эмес, өз кызыкчылыгын пайдаланып, оозуна келгенди оттоп келгенин атпай журт билет.  

Буга чейин жергиликтүү ММКлар депутат Карамушкинанын кызматтык унаасы белгисиз жаранды сүзүп кеткенин, унаанын ичинде депутат Карамушкина өзү бар экенин бир нече жолу жазып чыгышкан. Азырынча бул окуя ачыкка чыкпай, жабылуу аяк жабылуу боюнча турат. “Эрке талтаң” Карамушкина дагы деле Кыргызстандын ички саясатын уруп ойнобой, мыйзамын тебелеп тепсеп келе жатат. Тилекке каршы бир дагы тийиштүү мекемелер анын тизгинин тартып, тилин тыйган жок.

Депутат болгону менен Жогорку Кеңештин ички этикасын түшүнбөгөн, узун тилин улуу-кичүүгө чыгара берген Ирина Карамушкинаны кесиптеши ЖК депутаты Эльвира Сурабалдиева өзүнүн твиттердеги баракчасына Карамушкинанын кезектеги “жоругун” жазып чыкты. Төмөндө депутаттын пикирин өзгөртүүсүз окурмандарга сунуш кылабыз

Эльвира Сурабалдиева: - Орустарга барып, “Кыргызстанда мени дискриминируют” деген эки жүздүү, кыргыздарды жек көргөн Карамушкина аман эле болсун. Оштогу балдар үйүнө барып, “Азаттыктын” журналистинин көзүнчө – кыргыздар толтура тууп, анан жакырчылыктан башыңар чыкпайсыңар деп былжырап алып, журналист баланы араң токтоткомун, деп жазып чыкты.

Демек, эми бул жерде дагы бир мандем жатат. Эми депутат Сурабалдиеванын шилтемесине кесиптеши Ирина Карамушкина эмне деп жооп берет күтө туралы.

Баса, “талтаң-талтаң” баскан депутат Карамушкина айткан сөздөрү үчүн жооп береби же кыргыздарды маскара кылып басынтып Жогорку Кеңеште олтура береби? – деген суроо жаралат.

Ююю-ю Жогорку Кеңештеги депутаттардын атасы, төрага Дастанбек Жумабеков, тиги “кызыңыз” депутат Карамушкина деген “катынды” Жогорку Кеңештеги “этика” комитетине “карап чыккыла” деп алакандай  кагаз кат жөнөтүп, каттуу чара көрүп коюңуз!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости