www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастан Жумабековго,

Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго,

Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун төрайымы Гүлбара Калиевага

АЧЫК КАЙРЫЛУУ

Урматтуу Сооронбай Шарипович! Урматтуу бийлик өкүлдөрү! Сиздерге 10 жылдан ашуун убакыттан бери соттук процесстерден башы чыкпаган этникалык кыргыздардын көйгөйү боюнча кайрылып жатабыз. Аталган ишти Сооронбай Шарипович жеке өзү да жакшы билет, Ош облусунун губернатору болуп турганда тез арада чечүү тапшырмасын берген.

Окуянын чоо-жайын тизмектесек, Тажик Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономиялууоблусунун Мургаб районунан көчүп келген этникалык кыргыздардын 2009-жылдын 3-мартындагы кайрылуусунун негизинде Кара-Суу районунун Мады айыл өкмөтүнөн турак жай куруу үчүн 8,0 га жер бөлүнүп, 2013-жылдын 24-июнунда өкмөттүн токтому чыккан.

Бирок, Мады айыл өкмөтү этникалык кыргыз деп эсептелбеген Алай районунун Сары-Могол айылынын 35 тургунуна турак жай куруу үчүн жер участокторун мыйзамсыз берген. Ал сотто аныкталды. Ишти Ош облусунун райондор аралык соту карап, жсргиликтүү жана мамлекеттик органдардын токтомдорунда каралган этникалык кыргыздардын катарына Алай районунун Сары-Могол айыл округунун тургундары кирбейт деп тапкан. Анткени, «Кыргыз Республикасына көчүп келүүчү этникалык кыргыздарга берилүүчү мамлекеттик кепилдиктер жөнүндө» мыйзамында «чет өлкөнүн жараны же жарандыгы жок, мурда жашап жаткан жеринен Кыргыз Республикасына өз ыктыяры менен көчүп келген, кайрылман статусун алган кыргыз улутундагылар - этникалык кыргыз» деп эсептелери белгиленген.

Ал эми Алай районунун Сары-Могол айыл округунун тургундары жашап жаткан жерлеринен Кыргызстанга көчүп келген эмес. Тактап айтканда, Алай районунун 57,8 гектар жери 2002-жылга чейин Тажикстандын убактылуу пайдалануусунда болгон. 2004-жылы 4-октябрда кайтарылып алынганда Сары-Могол айылынын тургундары өздөрүнүн турак жайы, мал-мүлкү менен Кыргызстандын курамына киришкен, атуулдугун алышкан. Андыктан, буларга этникалык кыргыздарга тиешелүү мыйзам колдонууга жатпайт деп прокурор бүтүм чыгарып, аны сот туура деп таап, жер мыйзамсыз берилгенин аныктаган.

Ош облусунун райондор аралык сотунун 2016-жылдын 6-майында чыккан чечимин Ош облустук соту 2016-жылдын 18-июлунда күчүндө калтырган. Аны Жогорку сот 2017-жылдын 26-январында карап, эки инстанциянын чечимин туура деп тапкан. Жогорку соттун чечимине: «Прокуратура коомчулуктун жана мамлекеттин кызыкчылыгын көздөп сотко кайрылганы иш материалдары менен тастыкталат. Анткени даттанылган токтомдор менен жер участогуна болгон жеке менчик укугу жөнүндө мамлекеттик актылар КРнын мыйзамдарынын жана укук ченемдик актыларынын талаптарын Тажикстандын Мургаб районунан көчүп келген этникалык кыргыздардын укук кызыкчылыктарын одоно бузуу менен кабыл алынган» деп жазылып, чыгарылган чечим даттануусуз калтырылсын деп тапкан.

Чечим чыккандан кийин жер Мургабдан көчүп келген этникалык кыргыздарга берилген. Бирок, коррупциялык иштери калкып чыгарын сезген айрым адамдар «жаңы пайда болгон жагдайлар» деген жүйө менен сотко даттанып, арыздары экинчи ирет ылдыйкы инстанциядан жогоркусуна чейин каралды. Анда дагы Алай районунун Сары-Могол айылынын жашоочулары этникалык кыргыздар деп эсептелбей тургандыгы белгиленип, Ош облусунун райондор аралык сотунун 2017-жылдын 15-июнундагы чечими, Ош облустук сотунун административдик жана экономикалык иштер боюнча соттук коллегиясынын 2017-жылдын 19-июлундагы аныктамасы күчүндө калтырылсын деген чечимди 2017-жылдын 19-октябрында Жогорку сот чыгарды. Жогорку соттун чечиминде «токтом жарыя кылынган учурдан тартып токтоосуз мыйзамдуу күчүнө кирет, акыркы болуп саналат, даттанууга жатпайт» деп жазылган.

Тилекке каршы, жер участоктору Мургабдан көчүп келген этникалык кыргыздарга берилсин деген чечимди Жогорку сот үч ирет чыгарып, «даттанууга жатпайт» деген бүтүм токуганы менен кайра жаңы ачылган жагдай деп башынан баштап жатышат. Жакында төртүнчү ирет райондун чечими чыкты. Эми качанга чейин үчүнчү, төртүнчү, бешинчи болуп жаңы жагдай карала берет? Көчүп келген кыргыздар зарыгып күтүп, батирлерде, гараждарда жашап жатышат. Тез арада жардам беришиңиздерди өтүнөбүз. Соттун чечими аткарылышын көзөмөлдөп берсеңиздер.

Сеитова А.Ы.

Орозоева Б.

Кудайбергенова А. ж.б.

Булак: “De-facto”

Последние новости