www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Республикадагы иштеп жатышкан фермерлер, саан уйларды жана букаларды тандаганда көбүнчө эң жогорку лактациясы боюнча тандашат. Бирок, мындай ыкманын эффектүүлүгү жакшы натыйжа бербей тургандыгы аныкталды. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш  өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Маалыматка караганда, кыргыз айыл чарба жана жайыт илим-изилдөө институнун окумуштуулары, бул ыкманы 2019-жылдын 3-сентябрында, "Сүт жана эт багытындагы уйларды жана асыл-тукум букаларды тандоо ыкмалары" деген аталыш менен "Кыргыз патент" ишканасынан каттоодон өткөргөн.

Эң негизги максаты уй чарбасында иштеп жатышкан зоотехниктерге жана фермерлерге өздөрүнүн иштеринде колдонууга мүмкүнчүлүк берет.

Ыкманын негизинде 95%га чейин букалардын генетикасы күчтүү тукум алууга болору аныкталды. Ошону менен бирге бул ишти аткаруу үчүн чарбаларда уйлардын продуктуулугун аныктай турган эсеп учету жүргүзүлүшү зарыл.

Булак: NazarNews.kg  

Последние новости