www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында Кыргыз Республикасынын шаар жана облустардан жеңип келген Жол кыймылынын жаш тескөөчүлөрүнүн Республикалык кароо-сынагы өткөрүлүүдө. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Ага өлкө аймагындагы мектеп окуучуларынан түзүлгөн “Жоламан” , “Светофор”, “Ак-Жол”, “Жол чырак”, “Перекресток”, “Шумкар”, “Веселые регулировщики”, Жезл”, жана “Светофор” аталышындагы 9 команда ат салышып, кызуу оюн жүргүзүшүүдө.
Республикалык кароо-сынакты ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Джоробеков ачып, баардык катышуучуларга ийгиликтерди каалап, бул кароо-сынактын өткөрүлүүсү өспүрүмдөр арасында жол кырсыктарынын алдын алууда үгүт-насаат иштеринин жүргүзүлүүсүнө жакшы өбөлгө болоорун белгиледи.