www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол тейлөө, иретке келтирүү иштери жүрүп жатат

Министрликке караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан жергиликтүү жана эл аралык маанидеги автожолдорду ирээтке келтирүү, парапеттерди тазалоо жана коопсуздукту алдын алуу максатында бак-дарактарды бутоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кышкы тейлөөнүн жыйынтыгынан кийин жол жээктерин ирээтке келтирүү максатында атайын техниканын жана кол күчүнүн жардамы менен жол бетиндеги чаң-топурактар тазаланып, парапеттер менен бордюрлардын негиздери жууп-тазаланды.

Ошондой эле автомобиль жолдорунун боюнда өсүп турган бак-дарактардын бутактары кыйылып, жол жээктериндеги таштандыларды тазалоо иштери да жүргүзүлүүдө.

Мындан тышкары, кара-шагыл жолдорду убактылуу тейлөө иштери улантылып, жол тилкесин сүрүп түздөө жана жол жээктеринде топтолуп калган сууларды буруу иштери аткарылууда.

Жогоруда аталган иштер автожолдордун көрүнүшүн жакшыртып, айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн коопсуз жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө өбөлгө түзөт.                                                                                                                                                                                                                                       

 


 

Последние новости