www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
-Жолдош мырза, сиздин баамыңызда курултай кандай өттү?
-Курултайдан кийин коомчулук мурунку бийликте жүрүп түртүлгөндөр уюштурган курултайдын кандай максаты бар экенин айтып, негизгиси азыркы бийликке жагынып, кандайдыр бир кызыкчылыктарын ишке ашырууну көздөп жатышканын оркоюп көрүнүп калганын айтышууда. Кээ бир жарандарыбыз сокурдукту, ушунчалык адамдык паразаттан кетүүчүлүктү 2010-жыл апрелдеги революция аркылуу бийликке келгендердин жеке өз кызыкчылытары үчүн баарына бара турган пастыгын көрүп иренжигендерин да кеп кылышууда. Мен жакшы дегендерден да катачылыгын санагандарды көбүрөөк кездештирдим.
-Курултайдын талабын аткарам деп азыркы бийлик Атамбаевди жоопко тартуунун айласын издебейбим с?
-Эми Курултай аркылуу Атамбаевди шыбап кыйкым таппай турган азыркы бийликке шылтоо таап беришти. Бирок, аны кол тийбестиктен ажыратып камап салат деген көз караштан алысмын. Анткени, Атамбаев кээ бир коррупциялык фактыларды өзү ачыкка чыгарып жатат. Ал жалганбы же чынбы териштирүү керек. Анан Атамбаев жөн эле жатып бере турган жоо эмес. Ал мурунку Президенттердей качып кеткени жок Кыргызстанда жашап азыркы президенттин катачылыктарын ашкерлеп жатат. Азыр Курултайдын чыгарган резолюциясы боюнча эмес Атамбаевдин айтканы боюнча коомдук уюмдардан, мамлекеттик кызматтардан комиссия түзүп, акыйкат иликтөө жүргүзүп, жыйынтык чыгарса көп нерсе аныкталат. Азыркы президентке жакындаган Роза Отунбаева, өз башына түрмөнү үйүп алган Өмүрбек Текебаев жана курултайда жер чапкылап АШАны жамандагандар убагында кошомат айтып колдошуп, аны бийликке алып келишпеди беле. Бул окуяны Кыргызстандын булуң-буручундагылардын барысы билет, кашайып көрбөй калган адамга да маалым. Азыр маселе туңгуюкка кептелген саясий абалдан мамлекет кантип чыгат, кеп мына ушунда. Кыргызстанда уюшулган 100 адамдын ортосунда эле бирин-бири кууп же Атамбаевдей арам ой менен өзүм башкарам таризинде бийликти өткөрүп берүү шарданы боло берсе кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүнө шек кетет. Кызык, АША шайлоо туура эмес өткөнүн, көмүскөдөгү акчалардын элге ойногону жөнүндө ачык айтып, керек болсо өзүнө-өзү каршы чыгып,саясаттан кетпей азыркы бийликке оппозиция болуп кармашарын ачык эле жырыялап жатса ал жөнүндө эч кеп айтышпайт. Алгылыктуу иштеп өзүн толук көрсөтө элек бийликтин ишине канаттанып, кубанып жаткандыктарын билдиришиптир. Кечээ күнү АШАнын, Бакиевдин, Акаевдин жанында жүргөндөр азыркы Президенттин деле колтугунда жүрүшөт бул айдан-ачык иш. Алардын ким бийликке келсе убагында колдонуп, анан аңгекке ыргытып баса берген итчиликтерин эл деле жакшы билип калдык. Мындай кылыктарын өздөрү деле жакшы билишет. Бирок, эмнегедир бирин-бири сатпайт, кыя албайт, себеби миллиардаган казынаны, элдин ырыскысын уурдоодо бири-бирине чырмалышкан коорупциялык спрут болуп калышкан кичине эле жаңылыштык болсо, беттери ачылып, ит болорун билишет. Ал эми парламент аман эле болсун билимсиз соодагерлерден, кылмыш дүйнөсүнө байланышы бар өз атын тың жаза албаган күнкарама депутаттардан түзүлүп кыргыз элинин өнүгүүсүнө тоскоол жаратып жаткан да ушулар. Кыргыз эли эгемендүүлүк алганы Өкмөт жыргай элекпис Өкмөт келген Президетке колбалалык гана кызмат аткарып келе жатат Анан ушундай Парламент, Өкмөт, бир ууч өз көмөчүнө гүл тарткан айлакерлер менен жыргап, зымырап өнүгүп кетебиз деген нерсе бул-абсурд.Тескерисинче, кургуйга түшүп, көрүнгөндөн карызга алып жатып 4 миллиарддан ашык карыз моюнубузга илинип калды. Эми мындан чыгуунун бир гана жолу бар эл арасында жүргөн тың чыкма уул -кыздарыбызды жети өлчөп бир кесип тандоо жолу менен алып келүү б.а. билимдүү, таза , ак ниет, текеберликке жол бербеген, төөсү кырдан өтүп кеткенден кийин жанындагы жакын тилектештерин убактылуу өкмөттөгүлөрдөй таштап кетпеген, бирин-бири чукубаган улуту үчүн күйүп бышкан ынтымактуу кадрлар келүүсү шарт. АШАны ашатып, жаңы президентти ийгиликтүү иштеп жатат деген менен иш бүтпөйт. Дагы тарткылыгы бар кыргыз элинин алдында машакаттуу маселелер арбын окшоп калды.
Чынайым Кутманалиева
Булак: "Майдан.kg"