www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жолдубаева бүгүн камалабы?

КСДП партиясынын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева бүгүн, 10-октябрда, саат 14:00гө дагы суракка чакырылды. Бул тууралуу жактоочу Замир Жоошев жазды.

Айтымына караганда, Кундуз Жолдубаева кечээ 6 сааттан ашык сурак берип чыккан. Азырынча ал күбө катары сурак берүүдө. Бирок, аны бүгүн да суракка чакырышкан жана шектүү катары камаш коюшу толук мүмкүн.

Эске салсак, бүгүнкүгө караган түнү Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП партиясынын төрайымынын милдетин аткаруучу Асел Кодуранова Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 9-декабрга чейин үй камагына алынган. Депутат кылмышты уюштурууга жана адамды барымтага алууга байланыштуу беренелердин негизинде шектелип жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости