www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2005-жылдагы шайлоо процесси нааразычылык акция менен өтөөрү, оппозициялык көз караштагы саясатчыларга кысым болору алдын ала эле белгилүү болгон. Кочкор районунда шайлоо процессине жогору жактагылар аралашып, сот тарабынан мыйзам бузуу, үстөмдүк кылары эл арасында айтылып келген.
Себеби, ушул округдан Жогорку Кеңештин депутаттыгына бычакка сап, эл оозуна алынып калган Акылбек Жапаров өз талапкерлигин койгон эле. Акылбек Жапаровду “бычакка сап” дегеним, ал политехникалык институтта окуп жүргөн студент кезинде эле комсомолдун секретары катары ишбилгилигин көргөзө алган.
1990-жылдагы кандуу Ош коогалаңында өзүнүн эрдигин көргөзүп, кан кайнап жаткан жерге барып, "өзүбүздүн элди коргойбуз" деп жаштарды уюштурууга жетишкен болчу. Жапа чегип турган элди коргоо иретинде жардам берүүгө миңдеген жаштардын башын бириктирип, “Ошко жөнөйбүз” деп жатканда өкмөт токтотуп калган.
Акылбектин уюштургучтугун, жаратмандыгын, эч нерседен тартынбас өткүрлүгүн байкаган жетекчилер аны аткаруу бийлигине тартышып, жаштар боюнча иш алып барууну тапшырган. 2005-жылы Аскар Акаевдин бийлиги коррупцияга белчесинен батып, үй-бүлөлүк башкаруу бийик деңгээлге чыккан мезгил болчу.
Аскар Акаевдин аялы Майрам Акаева мамлекеттеги кадр саясатын чечип, уул-кызы парламентке талапкерлигин коюп, бийлик толук кандуу бир үй-бүлөнүн колуна өткөнү калган. Мен укук коргоочу катары өлкөдө мыйзамдуулук толук кандуу көз боёмочулукка айланганына нааразы болуп саясатка киришүүгө аргасыз болгом.
Ошол убактагы митинг, пикетте койгон талаптарыбызга Акаевдин бийлиги көңүл бурбай, кайра бизди “эл бузарлар” деп жек көрүндү кылууга аракет кылышкан. Бийликтин бул аракети эл арасындагы нааразычылыктын күчөшүнө түрткү болуп, ири масштабдуу көтөрүлүшкө детонатор болуп берди.
Кочкор райондук соту мыйзамсыз жол менен Акылбек Жапаров менен Бейшен Болотбековдун талапкерлигин шайлоодон алып койду. Соттун мыйзамсыз чечимине нааразы болгон Кочкор, Жумгал эли Акылбек Жапаровду колдоо иретинде нааразычылык акцияга чыгышып, бийликке өз талаптарын коё баштаган. 2005-жылы февраль айында биринчилерден болуп бир мезгилде Түп району Садыр Жапаровду, Кочкордон Акылбек Жапаровду колдогон эл нааразылык акцияга чыгышып, акыйкаттуулукту, мыйзамдуулукту талап кылышкан.
Биздин нааразычылык акцияны колдогон Жалал-Абад, Ош, Талас эли жапырт көтөрүлгөн. Кочкор районунда Акылбек Жапаровду сот шайлоодон мыйзамсыз жол менен четтеткенден кийин, эл шайлоону тааныбай турганын билдирүү иретинде 70%, же болбосо 19 миң жаран "баарына каршы" деп добуш берген эле. Бирок, бийлик өз билгенин кылып, элдин добушун мыйзамдуу чечпей койгон. Мыйзамсыздыктан Кыргызстандын баардык булуң-бурчу нааразычылык акция өткөрө баштаган.
Кочкорлуктар март айлары эл аралык жолду тосуп, каршылык көрсөтүүнү биринчилерден болуп баштаган. Жол тосулуп, нааразычылык акция жүрүп жатканда Курманбек Бакиев Тогуз-Тородон келе жатып, он беш миң адамды көрүп таңгалып, "бул агония, бийлик ушундайга жеткиргени өкүнүчтүү" деп кейиген.
Мен биринчилерден болуп "Курманбек Бакиев – биздин болочок президент" деп ураан чакырып, Кочкордун эли батабызды берген элек. Курманбек Бакиевди мен, Бейшен Болотбеков, Нурлан Жапаров үчөөбүз узатканыбызда, К.Бакиев “уйкулук” деп "Парламент" деген аракты бузуп, төртөөбүз жүз элүү граммдык стакан менен суукта 7 жолу алып узатканыбыз азыр дагы эстен кете элек...
Ошол убакта оппозиция күчтөрү Бакиевге ишеним артып турган убак болчу. Үч күндөн кийин бийлик элдин үнүн укпай турганы белгилүү болуп, көпчүлүк райондук администрацияны эки сааттын ичинде басып алышкандан кийин гана жолду ачышкан.
Он миңдеген адамдар Акылбек Жапаровду колдоп, акимчиликтин алдындагы аянтка келишкен. Кочкордун карапайым жарандары шайлоодогу мыйзам үстөмдүгүн сот көз көрүнөө тебелеп жатканы үчүн бийликке аябай нааразы болушуп, Акаевдин бийлигин жоготмоюн өлкөбүз алдыга жылбай турганын трибунадан айтып жатышты.
Акылбек Жапаров трибунадан сөз сүйлөп жатканда сөздүн маанисин терең түшүнгөн жарандар көз жашын агызып тыңдашкан, ошонун ичинде мен дагы бармын. Мындай эмоция элдин көптөн бери кыйналып келаткандыгынан кабар берет. Акылбек Жапаровдун ораторлук чеберчилиги – анын феномени десек туура келет. Ошол эле убакта Ош, Жалал-Абад, Талас облустук администрацияларды эл басып алууга жетишкен.
15-мартта оппозиция күчтөрү Курманбек Бакиевди башчылыкка, ал эми штабдын башчылыгына Акылбек Жапаровду шайлашкан. 17- мартта аянтта турган 15 миң адам Аксы элинен кечирим сурап, бийликке тынч келаткан элге каршы ок атуудан улам каза болгон алты маркумдун рухуна куран окулган.
22-мартта Кочкордун активдүү жарандары Бишкекке келе баштаган элек. Мен ошол эле күнү россиялык НТВ каналына интервью берип, Акаевдин бийлиги куларына аз калганын айткам. 24-мартта оппозиция күчтөрү эртең менен Жеңишбек Назаралиевдин клиникасынын жанына чогулуп, Акылбек Жапаров, Топчубек Тургуналиев сөз сүйлөшүп, Акүйгө карай жөө жүрүш башташты.
Ала-Тоо аянтына келип митинг болуп жатканда ак шапке кийген спортсмендер бизге кол салып, таш менен уруп, оппозицияны аянттан кубалаганга жетишкен. Бирок, өздөрү курчоого алынып, кээ бирөөлөрү ур-токмокко кабылып, шапкелерин чечип, эл арасына сиңип кетишкен.
Оппозиция башында турган эл Акүйдү эки саатта алып койду. Бийлик тараптан элге карай ок атылган эмес. Акүйдүн темир дарбазасын мен талкалап ачып жатканда Эдил Байсалов, Азимбек Бекназаровдор "кой Качкын, ачпа. Акүйдө куралчандар отурат” деп айтканы эсимде.
Мени менен дагы башкалар заматта дарбазаны ачып, эл менен бирге Акүйгө кирип барганбыз. Акаевдин куралдуу күчтөрү араң эки саатка туруштук бере алышкан. Акүйдү алгандан кийин Акылбек Жапаров болуп Бакиевди Акүйгө киргизип жибергенбиз.
Менин санаам тынып, өтө чарчагандыктан үйгө кеткем. Кыргыз эли ушундай жол менен биринчи жолу жеңишке жетишип, бийлик элге таандык экенин дүйнө элине далилдеген.
Булак: Азия News гезити