www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун жумгал районунда мурдагы «Химиялык айыл чарба» ишканасына («Химия») тиешелүү болгон 1,8 гектар жер мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

СССР маалында «Химия» Жумгал району үчүн химиялык жер семирткичтерди өндүрүү менен алектенген.

«СССР тарагандан кийин "Химия" "Жылдыз" АК болуп кайра түзүлүп, анын директору болуп Жумгал районунун Чаек айылынын тургуну И.И. шайланган.

2006-жылдын январында "Жылдыз" АK "Жылдыз-Сервис" ЖЧКсы болуп кайра түзүлгөн жана белгилүү бир убакыт өткөндөн кийин ишкана банкрот болду деген шылтоо менен И.И. тарабынан мүлктөр сатылган жана аймак кароосуз калган.

1,8 гектар жер Чаек айыл аймагынын балансына өткөрүлүп берилди», деп айтылат расмий маалыматта.

Последние новости