www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусовдун иши боюнча соттук отурум болуп өтүп, ишти иликтөө мөөнөтү убактылуу токтотулуп, материалдар экспертизага жиберилди. Мындай чечим сотко өтүнүч кат келип түшкөндүктөн кабыл алынганы белгилүү болду. Буга чейин Жунусов боюнча иликтөө иштери аягына чыкканын кабарлаган эле. Биринчи соттук уктуруу айыпталуучунун ден соолугунун начарлашына байланыштуу 24-апрелге жылдырылган.

Андан кийин соттолуучунун келбегендигинен процесс 15-майга жылган. Жунусовго туруктуу коррупциялык схемаларды түзгөн деген айып коюлууда. Келтирилген зыян 167 миллион сомдон ашык каражатка бааланган. Адамкул Жунусов Кыргызстандан качып, АКШда жашынып жүргөн. 5-декабрда ал Бакуга келгенде кармалып, Кыргызстанга алып келинген.

Булак: "ФАБУЛА"
 

 

Последние новости