www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2018-жылы 10-апрелде ал кезде мыйзам боюнча Кыргызстанды башкарып турам деп сезген өкмөт башчысы Сапар Исаков Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаковду өзү да камаларын билбей  башын баталгага коёт. Ал эми 16-апрелде  экономикалык кылмыштар менен күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматына жаңы эле УКМКдан чоң мартабадан бошотулган Атамбаевдин экс-жансакчысы Болот Сүйүмбаевди коюп, СДПК менен Атамбаевдин «рупорлорунан» муштумун түйүп көрсөтөт. Апрелде боло турган мамлекет башчыларынын жолугушуусуна мамлекет башчысы катары президент эмес, өкмөт башчысы Сапар Исаков барат дегендей сөздөрдү таратат.

Кадр саясатына каарын чачкан Атамбаев президент кезинде чакырбаган СДПК фракциясынын депутаттарын топтоп ачуусун чыгарат. Бул жыйынга Анвар Артыков, Сайдолимжон Жураев, Евгения Строкова, Альфия Самигуллина, Дастан Бекешев, Иса Өмүркулов,  Чыныбай Турсунбеков,  Данияр Аттокуров, Азамат Арапбаев, Марат Аманкулов, Айнуру Алтыбаева, Бакыт Жетигенов, Мурадыл Мадеминов, Асель Кодуранова, Эльвира Сурабалдиева, Мухтарбек Айнакулов, Карамат Орозова сыяктуу кан-жанын СДПКга арнаган бир ууч гана депутаттар барышып, Атамбаевге баш көтөрө албай, Икрам Илмиянов менен Фарид Ниязовду жамандап, СДПК экиге бөлүнүп калганы сезилет. Өкмөт башчысы Сапар Исаковго парламент ишеним көрсөтпөй 20-апрелде жаңы өкмөт келет. 10-апрелде Болсунбек Казаковдун башын баталгага койгон Сапар Исаков бумеранг болуп өзүнүн үстүнөн кылмыш иликтелип камакка алынат.

“Идеал-Хаус” турак жай комплекси, тагыраак айтканда андагы 48 коттедж кыйла төмөндөтүлгөн баада 142 миллион сомго сатылып кеткени белгилүү. Бул иштин башында БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов жана ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаков тураарын эл сезип калган. Сапар Исаков өзү билип, өзү аралашкан ишке күнөөлүү катары Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун жетекчиси  Болсунбек Казаковду камап салганы, өзүнүн күнөөсүн бирөөнө оодаргандай эле болуп калды. “Идеал-Хаус” турак жай комплекси 142 миллион сомго арзан кеткени тууралуу маалыматты териштирүүнү Сапар Исаков Башкы прокуратурага тапшырган. Натыйжада тескерисинче күнөөлүү болуп журналист Э.Алкановага каршы кылмыш иши козголуп калган. Териштирүүлөрдүн натыйжасында журналисттин эч кандай күнөөсү жок экени далилденген.

Ушул иш боюнча Сапар Исаков өкмөт башынан кеткен соң Кыргызстандагы БТА банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп турган Темир Рыскулов камакка алынган.  Ал «Идеал Хаус» VIP шаарчасынын сатылышы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Демек, кыңыр иштин учугу чубала баштады. Муну дагы жакшылап чубасак, анда анын артынан Сапар Исаковдун кулагы кылтыйып калкып чыгып калышы мүмкүн.

Бул тууралуу чектеп, бирок булар Сапар Исаков өкмөт башчыдан кетер менен 2017-жылы белгилүү болгон арзан баада сатып алган «БТА Банкынын» төрагасы Темир Рыскулов Сапар Исаков менен бирге окуган, ошондуктан анын  бир тууганы Капар Исаковду «БТА Банкына» май талкандуу жерге алат. Учурунда Капар Исаков бул жердегилерди сүрүп чыгып, май талкандуу жерлерге өз кишилерин коюп, ал эмес аларды көздөгөн адамга 2000 доллар айлык берип турушуп, Сапар Исаков кызматтан бошоор менен куйругун түйүшкөн. Эгер алар ак болсо аягына чейин күрөшпөйт беле?

«Ала-Арча» резиденциясынан анча алыс эмес жердеги 48 коттедждүү шаарча 2008-жылы курула баштап, 2010-жылы  улутташтырылган. “Идеал-Хаус” турак жай комплексинин наркы сатылган баадан алда канча жогору болмок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости