www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2019-жылдын 25-ноябрь күнү Кыргыз Республикасынын ички иштер министри, милициянын генерал-майору Кашкар Жунушалиев Түркиянын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин ички иштер боюнча кеңешчиси  Мехмед Татлы  жана Түркия Республикасынын ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасындагы өкүлү Тунжай Алян менен жолугушту. ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө бир катар маселелерди, анын ичинен Стамбулда жасалган кылмыш – Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча иликтөөнүн жүрүшүн талкууга алышты.

Ошондой эле,  Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу менен телефон аркылуу сүйлөштү. Тараптар укук коргоо органдарынын учурдагы эки тараптуу кызматташууларына  жогору баа беришип, туруктуулукту жана коопсуздукту камсыздоо максатында мындан ары куч-аракеттерди жумшоолорун баса белгилешти.

Телефон менен сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Айеркен Саймаитинин өлтүрүлүшү боюнча зарыл болгон маалыматтарды берүү жөнүндө макулдашышты. Кашкар Жунушалиев өлкөлөр ортосундагы көп жылдык достук мамиле Кыргызстан менен Түркиянын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташууну бекемдөө менен профессионалдык карым-катнашын  өнүктүрүүгө кызмат кылаарын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости