www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

24-ноябрда жарыяланган жашыруун документтерде Кытайдын Шинжаң-уйгур автоном районундагы лагерлерде кармалып турган 3 миллионго жакын аз улут өкүлдөрүнүн жашоосу кандай көзөмөлдөнө тургандыгы жөнүндө жазылган.

Журналисттик иликтөөчүлөрдүн эл аралык консорциуму менен дүйнөдөгү 17 маалымат каражатынын биргелешкен иликтөөсүндө мындай лагерлер уйгурларды жана башка аз улуттарды күчкө салып ассимиляция кылуу максатында түзүлгөнү айтылган.

Мындан тышкары анда лагерлердеги тартипти Шинжаңдын коопсуздук кызматынын жетекчиси өзү түздөн-түз көзөмөлдөп, анда кармалып тургандардын чачтары кыркылып-кыркылбаганына, эшиктер жабылып-жабылбаганына чейин карап турары жазылган.

Бээжин бул лагерлерди «тил жана кесип үйрөтүүчү борборлор» деп атап, Шинжаңдагы чараларды чөлкөмдө коопсуздукту камсыз кылуу аракети менен түшүндүргөн.

16-ноябрда New York Times гезити Шинжаң бийлигинин аймакта мусулман динин туткан аз улуттарга карата жасаган саясаты тууралуу 400 барактан турган ички документтерди жарыялаган. Аларда “саясий жактан кайра тарбиялоо лагерлеринде” кармалган кишилердин туугандарына кандай жооп берүү керектиги тууралуу аткаминерлер үчүн көрсөтмөлөр камтылган. Документке ылайык, жоопто “алар өкмөт тарабынан түзүлгөн билим берүү борборунда экени жана ал жерден кете алышпай турганы”, ошондой эле “алардын качан чыгары үй-бүлө мүчөлөрүнүн жүрүм-турумуна жараша болору” айтылышы керек.

Кытайдын Шинжаң аймагында азчылыкты түзгөн улуттардын миңдеген өкүлдөрү «кайра тарбиялоо лагерлеринде» кармалып тургандыгы жөнүндө билдирүүлөр 2017-жылдан бери айтылып келет.

Өткөн жылы августта БУУ Шиңжаңдагы «саясий кайра тарбиялоо» лагерлеринде миллионго жакын мусулман кармалып турушу мүмкүн экенин билдирген.

Последние новости