www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттеги эл өкүлдөрүнүн бири Дастан Бекешев да шайлоого эртелеп даярдык көрө баштады. Ал кийинки убакта ойго келбеген жоруктары менен көпчүлүктү таң калтырып келе жатат. Буга чейин баңгизат сатып алмакчы болуп, бирок алданып калганын Ютубка жүктөгөн видеосунда айтып берген.

Эми кечээ болсо Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин студенттерине “Сор жана кол кой” («Пососи и подпишись») деген момпосуй тараткан экен. Аны андагы студенттердин бири журналисттерге айтып салыптыр.

Албетте, Бекешев өзү ал момпосуй жөнүндө эч жерде эскергенин көрө элекпиз. Бирок анын Инстаграмдагы баракчасында, аталган окуу жайдын студенттери менен “Фейк маалымат, троллинг жана хайп бизди каякка алып барат” деген суроого жооп берип, кызыктуу талкуу болгонун жазып чыгыптыр. Акырында студенттердин арасында Генри Форддун кызыктуу китебин ойноткону гана эске алынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости