www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 25-ноябрь күнү аялдарга карата зордук-зомбулукту жоюу боюнча эл аралык күнүнө карата Кыргызстанда “зордук-зомбулукка каршы 16 күн” жылдык акциясы старт алды. Ал Адам укуктарынын эл аралык күнү, 10-декабрга чейин созулат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, дүйнө жүзү боюнча “зордук-зомбулукка каршы 16 күн” акциясы өкмөттү, зордук көргөн коомчулукту, активисттерди, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту тез арада токтотуу үчүн ар түрдүү иш чаралар, митингдер жана кампанияларды бириктирет. 

Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулукка каршы күрөшүү олуттуу көйгөй болуп саналат:
Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулуктун таралышы жогору бойдон калууда. 2019-жылы 10 айдын ичинде 5 185 үй-бүлөлүк зордук-зомбулук катталган. Алардын ичинен  физикалык зомбулук - 3 647, психологиялык - 1 362, жыныстык - 7, экономикалык - 1 жана тоотпочулук - 168. Аталган 10 айдын ичинде ички иштер органдары 5 185 коргоо буйруктарын алышкан. Анын ичинен эркектерге карата - 4 867 же 94,1 %, аялдарга карата - 309 же 5,9% ордер берилген. Үй-бүлөлүк зордук зомбулуктан 5 569 катталып, анын ичинен Кылмыш-жаза кодексинин “Үй-бүлөдөгү зомбулук” беренеси боюнча - 3 979, “убактылуу коргоо тартибине керектүү шарттарды түзүп бербөө” беренеси боюнча - 16, “сабоо” беренеси боюнча - 357. 

Кыргызстандагы кыздардын эрте турмушка чыгуусуна, аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы күрөш боюнча БУУнун бир катар конвенцияларына кол коюлган: Баланын укуктары жөнүндө (1994-жыл), Аялдарга жана кыздарга карата басмырлоонун бардык түрлөрүн жоюу жөнүндө конвенция (1996-жыл), Нике менен үй-бүлө, үй-бүлө үчүн минималдуу жашта жана каттоо үчүн макулдук берүү жөнүндө конвенция (1996-жыл), жана 1995-жылы Пекин платформасынын аракеттерине кошулуу. 

Кыргызстанда 16 күндүк зордук-зомбулукка каршы акциясынын алкагында аялдарга жана кыздарга карата зомбулукка каршы төмөнкү багыттар аныкталган:

Киргизүү, өзгөртүүгө же аялдарга жана кыздарга каршы зомбулукту токтотуу үчүн иш-аракеттердин улуттук планын иштеп чыгуу;

Зомбулукту башынан өткөргөн аялдарга кызматты өнүктүрүү же киргизүү (мисалы, жардам берүү линиясы, атайын медициналык кызмат, укуктук жардам, адилеттүүлүк, бактылуу баш калкалоочу жай);

Байланыш стратегияларын иштеп чыгуу, аялдарга жана кыздарга карата зордук-зомбулукту алдын алуу үчүн, калк арасында түшүндүрүү жана өзгөртүү көз караштарды жана жүрүм турумдарды жогорулатуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости