www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусунун Талас районунда мыйзамсыз кекилик аткан 2 адам кармалды. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыкты.

Мааалыматка караганда, биотүрдүүлүктү сактоо жана өзгөчө корголуучу аймактар департаменти аларга 20 миң сомго чейин айыптарды салган.

“Мыйзамсыз аңчылык үчүн кармалган адамдардын аңчылыкка чыгууга документтери болгон. Бирок алар аңчылык кылууга тыюу салынган жерде кекилик атканы үчүн айып пулга тартылышат. Алардын үстүнөн биз арыз жаздык, 10 күндүн ичинде келбесе иш сотко өтөт. Замир Кокевге 12 миң сом админстративдик айып, калган кекиликтер үчүн эсептегенде жалпы 18520 сом айып, жанындагы адам 20 миң 500 сом айып төлөйт”, - деп билдиришкен.

Аты аталган Замир Токоев Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн өзгөчө кырдаалдар жана коопсуздук бөлүмүнүн башкы адиси  болуп эмгектенет.

Токоев бул боюнча сотко кайрылаарын билдирген: “Мен аталган департаменттин   үстүнөн сотко кайрылам деп жатам.  Аягына чейин териштирбей туруп, мындай маалымат таратып жатышат. Менде аңчылык үчүн берилген баардык кагаздарым бар. Мен жөнү жок барбайт болчумун”, -дейт ал.

Эске салсак, 23-ноябрда Талас районун Чонор аймагынан мыйзамсыз кекилик аткан 2 адам атайын рейд учурунда кармалган.

Алардын бири Э.К. 4 кекилик, З.К. 2 кекилик, 1 чил атканы  маалым болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости