www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жүрөгү таза адамдардын жашоосу оор болот

Көп күлгөн адамга жакшы мамиле жасаңыз. Анткени, ал дайыма эч ким жок жерде ыйлайт.

***

Жүрөгү таза адамдардын жашоосу ар убак оор болот. Анткени, өздөрүн башка адамдардын бактылары үчүн курмандыкка чала беришет.

***

Түнү менен уктатпаган эмес, эртең менен эрте тургузган максат – чыныгы максат.

 

 ***

Биз чындыкты билип туруп да жалганга ишене берген адатыбыз бар.

***

Урушсуз, таарынычсыз сүйүү мамилеси болбойт.

Күчтүү адамдар урушат, таарынышат, бирок бирге кала беришет. Алсыз адамдар гана башкасын издей баштайт.

***

Эгерде караганда суктанган, ар бир сөзү кызык, чыдамсыздык менен күттүргөн адамың болсо, анда турмушуңда бактыңды тапканың.

***

Жашоодо жакшы адамдар дайыма жеңилишет, себеби алар адилеттүү күрөшүшөт... 

 

Булак: "АЗИЯnews"

Последние новости