www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Бакиев өзүнүн адамдарын Атамбаевдин жанынан сууруп чыгып кетиш үчүн Жээнбековду конфликтке түрткөн деген сөз болбоду беле?

--Ал жалган сөз. Атамбаев балам жөнүндө жаман сөз айткандан кийин экөөбүздүн конфликт башталган.

--Атамбаев “Сен Жаныш Бакиевден коркосуң! Сенин намысың жок, сенин балаңды Бакиевдин бийлиги жок кылса да унчукпай жүрөсүң!” деп айтканбы?

--“Балаң хулиган, бандит болгон. Менин кызымы деле бычактады мен унчукпай эле жүрөм” - деген. Мен ошондо чыдабай кеттим да, сенин кызың тирүү, менин балам жок десем, “Сенин балаң өлгөн. Ал криминал” - дейт. Ал кезде балам тууралуу эч кандай маалымат жок болчу”. Сен менин баламдын криминал экенин, анын өлгөнүн кайдан билесиң? Ким өлтүргөнүн сен билесиң? Балким, өлтүргөндөр менен соучастник болгонсуңбу?!  Ошон үчүн айтып жатасың десем, “Бийликтегилер өлтүргөн” деп жооп берген. “Бакиевдер өлтүргөн” деп айталган эмес. “Кайсыл бийликтегилер, айт азыр, бүгүн түнү барып атып салам!”- дегем. Тигинтип айтканымдан кийин сөздү башка жакка буруу үчүн жалалабаддыктарды сөгүп кирди. Жанагыдай сөздөрдөн кийин  кетип калдым. Мас болчу, кечирим сурайт болуш керек деп эртеси саат сегизде келсем, Азимбек сыртта басып жүрүптүр “Кирсем турбай жатат” деди. Сен эмне кылып жүрөсүң, тургузбайсыңбы,ошончо эл күтүп турабы дедим. Себеби, саат ондо жолугушуусу бар болчу. Акмандагы эл менен ондо деген жолугушуусуна он эки жарымда барыптыр. Кандай абалда барганын жакшы билесиңер.

--Жеке бир адамга же Бакиев менен Жээнбековго таарынса болот. Бүтүндөй жалалабаддыктарга таарынат деген акылга сыйбаган көрүнүш эмеспи. Бүтүндөй жалалабаддыктарды сөгүп жатканда Азимбек Бекназаров эмне деди? Ал деле жалалабаддык эмеспи.

--Азимбек Атамбаевге карап “Сен туура эмес сүйлөп койдуң?” демиш болуп койду. Атамбаевдин Жалал-Абадда кудасы бар деп айтышкан. Ошол кудасы да жолугуп, учурашып койгонго да жараган эмес.

--Ошол жерде Атамбаев “Бийликти кан төгүү менен болсо да алабыз” деп айтканы чындыкпы?

--Алмаз Атамбаев “Шайлоонун эртеси күнү аянтка БШКга миңдеген адам менен барабыз дагы шайлоо комиссиясына санатабыз. Кан төгүлсө дагы санатабыз” деп айткан сөзү бар. Мен ошондо, сен эмне элди граждандык согушка түртүп жатасыңбы? Муну токтоткунуң! Утулсак утулдук, утсак уттук дешибиз керек дегем. Ал түнү саат сегизден он экиге чейин талаш тартыш болгон. Эртеси Алмаз туралбай жатканда, КСДПнын Жалал-Абаддагы координатору келип, “Биз эмне кылабыз?” деп сурап калды. Акманга барып жолугушууну уюштургула деп айттым. Өзүм Топурак-Белге келип күтүп олтурдум. Ушул жерге келсе сүйлөшөйүн деп. Азимбекке чалсам “Туалетке кирип кетип чыкпай жатат” деп койду. Саат онго жакындап калганда дагы Азимбекке чалдым “Өзүнө келбей жатат, азыр чыгабыз” деди. Чыдамым кетип Бишкекке баса бердим. Сосновкага келип координаторго чалсам, “Баары ит болду. Атамбаев Акманга барып тилин жутуп алды. Мас экени билинип калды. Азыр Жалал-Абадда манты жеп олтурабыз. Жусупка катуу тийип койдуңуз десем, “Мен ичип алып сүйлөбөсөм, Жусупка эч нерсе дей албайт болчумун” деп айтты” деген. Мен катышкан окуянын чындыгы ушул.Бул тарых болуп калды. Эч кимибиз тана албайбыз.

Булак: Жаңы ОРДО

Последние новости