www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийлик төбөлдөрүнө дагы бир суроо... Мындай пикирин экс-депутат Жылдызкан Жолдошова өзүнүн социалдык тармагына жазып чыкты. 

--Урматтуу КРнын бийлик төбөлдөрү, кечээ эгемендүүлүктүн 30 жылдык майрамын белгиледиңер. Ошону менен кошо парад өткөрдүңөр... Аскер жоокерлеринен баштап, аскер техникаларын көрсөттүңөр. Күч бар экен го.

Анда эмнеге 28-апрель 2021-жылы таджиктер Баткенге кирип, жарандарыбызды, балдарыбызды "ит" аткандай атып, мамлекеттик мекемелерден баштап, үйлөрүбүзгө дейри өрттөп, Таджикстандын желектерин илип...буюм териминен, мал жандыгынан бери алып кетип жатышканда...ушул армия каякта эле?

Ушундай чоң армиялык күч турса, эмнеге Сиздер 44 жараныбыздын каза жана 1000 деген адамдар жаракат алышып, инвалид болушуна, үй-жайсыз калышына, өмүр бою чек арада жашаган калкыбыздын "коркуп" жашоого, о.э. кыргыз элинин намысын тебелетүүгө жол бердиңер? Ош окуясында да УӨтүн мүчөлөрү чара көрүшкөн эмес, эки улуттун ортосунда чыккан кандуу окуяны өз убагында токтотууга.

Армияны жөнөтүүнү суранганыбызда, жооп беришкен: "Армияны, Ошко жөнөтсөк, биздин бийликти ким коргойт?"- деп. Же, Сиздер да ошентип ойлоп, эбегейсиз күч турса Баткен окуясын алдын-ала токтото албаганыңардын себеби ушундабы?

Ар бир бийлик "төңкөрүш" жолу менен алмашкан сайын, карапайым эл башынан апрель-июнь, Баткен окуяларын өткөрүп, Кыргызстандын миңдеген карапайым элдин балдары шейит кетүү менен, адам чыдагыс кайгы муңга батып келишет... А Сиздер, бийлик төбөлдөрү 1 000 000 сомдон, өлгөн жарандарыбыздын "кунун" төлөп койсок, кыргыз эли чыдай берет экен деген ойдосуңарбы?

Эч нерсе болбогондой, экс президенттер Кыргызстанга келип, же чет жакта "черный, красный икра жеп жүрүшсө", а Сиздер парад өткөрүп, Ош окуясында күнөөлүлөрдү жаныңарга олтургузуп алып, кимге "күчүңөрдү" көрсөтүп жатасыңар?

Ошондой эле, качан апрель-июнь, Баткен окуясына, күнөөлүүлөр өз жазасын алышат? Албетте, суроолорум ачуу чындыкты камтыган. Бирок, бул суроолорго бир эле жооп күтпөстөн, о.э. күнөөлүлөрдүн жазаланышын күтөбүз.

Сиздерди урматтоо менен, эжеңер, катардагы эле эжеңер эмес, "Сиздердин ысыгыңарга күйгөн, суугуңарга тоңгон" Жылдызкан Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости