www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын президенти Джо Байдендин башка мамлекеттердин жашоосуна "аралашууну токтотуу керек" деген билдирүүсүн Москва колдойт. Бул тууралуу Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго шилтеме берип РИА Новости жазды. 

"АКШ президенти Джо Байден менен Франция лидери Эммануэль Макрон 1-2 күн аралык менен Батыштын демократиясын таңуулоо максатында башка өлкөлөрдүн жашоосуна кийлигишүүнү токтотуу керек деген билдирүү жасашты. Биз бул нерсени колдойбуз. Мурдатан бери эле батыштык кесиптештерибиз белчесинен батып алган авантюрадан сабак алып, бул нерседен баш тартууну сунуштап келебиз. Айтылган сөздөрдөн жыйынтык чыга турган болсо, планетада кичине тынчыраак болуп калат деп ойлойм", — деди министр.

Анын айтымында, эгер Батыш "мугалим-окуучу" ыкмасынан баш тарта турган болсо, аны менен ар тараптан кызматташууга Россия даяр.

"Биз эч качан душмандашкыбыз келбейт. Өзүбүз менен өзүбүз боло берүүнү дагы каалабайбыз. Ар дайым Батыш менен иштешүүгө даярбыз. Болгону ал өзүн аппак, таптаза, баарынан өйдө турган окутуучу элестетип, Россияны үй тапшырма аткарчу балага теңей берген саясатынан баш тартышы керек. Негизи эле мындай мамилени эч бир мамлекетке көрсөтпөө керек, өзгөчө Россияга", — деди Лавров.

Сөзүнүн аягында ал Россия ар дайым батыштык кесиптештерин тең укуктуулукка, сый мамилеге жана бири-биринин кызыкчылыгын тебелебөөгө чакырарын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости