www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Уркуя Салиева! 17 жашында комсомолдук ячейканын секретары болуп, 18 жашында айылдык кеңештин башчысы болгон. Бул тууралуу журналист Кенжебек Арыкбаев өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

Майрамдан кийинки ой...

"Түштүк кызы... кыргыз кызы (Кыргызстанда эле эмес, Орто Азияда биринчи болгон...)

Уркуя Салиева! (бул баатыр аялзатынын эрдигин кантип сүрөттөөөрүмдү билбей турам...) Феодализимдин жедеп ашынган, ал учурдагы адамдардын кулк мүнөзүнө кыттай уюган түшүнүктү жаңыга оодаруу, болгондо да назик аялзатынын колу менен жасалган эрдикти... Анын ошондой караңгы доордо жаңы системанын идеологиясы үчүн башын канжыгага байлап ачык чыккан эрдигин!  У.Салиева Кыргызда эле эмес, Орто Азиядагы боордош кошуналарыбыздын кыз-келиндеринин ичинен эң биринчилерден болуп, эски доорду коё бергиси келбеген, ал үчүн баарына бара турган өтө коркунучтуу адамдардын миздери али кайта элек мезгилде, болгону 17 жашында комсомолдук ячейканын секретары болуп, 18 жашында айылдык кеңештин башчысы болгон... Бир жылдан кийин өзүнчө бир колхозду уюштурган. Жаңы системанын келечеги үчүн күрөштү айбаттуу уланта берип, эски таптын канкорлорунун колунан мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Барчындай, кырчындай 24 жаш курагында! (Ошол системанын доорунда  Кыргыз кыргыз-кыз келиндеринин арасынан чыккан Кыргыз АССРинин биринчи депутаты, БКнын тунгуч мүчөсү болгон)

Ал туурасында кийин, таланттуу режиссер Төлөмүш Океев «Отко таазим» аттуу киносун тартып, ал фильм убагында Франциянын Канн шаарында, ааламдагы мыкты көркөм тасмаларды тандап көрсөткөн Эл аралык кино фестивалда «Алтын пальма жалбырагы» сыйлыгына арзыганы таланттуу режиссердун нагыз чеберчилиги болсо, анын ӨЗӨГҮ ошондой оор мезгилде Кыргыз аялзатынын ченемсиз Эрдигине калыстар тобунун тамшанганында болгон! (а биз каяктан, кайдадыр жактан аял, гендер саясатында үлгү кылып карманчу идеолгия издеп жүрөбүз, айрым аттуу баштуу эле саясатчы элитабыз Жанна д *Арк сыяктуу башкаларды мисал кылып. А, алдыбызда Уркуя Салиева сыяктуу кайталангыс, улуттун уңгулуу идеологиясы үчүн жол көрсөткөн чырактай тарых чындыгы балбылдап турса да... ( айтмакчы, кечээки Эгемендикте жана ага чейин деле бул баатыр эжебиз тууралуу айтылбады окшойт бир ооз сөз, айтылбай да бараткандай...).

Сүрөттө: Кыргызымдын дагы бир ажайып кызы Т.Турсунбаева аталган тасмада

Булак: NazarNews.kg

Последние новости