www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Учурда “Кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты” деген накыл сөздүн мааниси мурдагы вице-премьер-министр, Баткен облусунун экс-жетекчиси Акрам Мадумаровго дал келип турат.
Дегенибиз, Акрам Мадумаров саясатта жаңы эмес. Ал Баткен облусунун ыйгарым укуктуу өкүлү болуп, кийин жогорку вице-премьер-министрлик кызматка дейре көтөрүлгөн. Анын негизги милдети – чек ара маселелери, аймактык өнүгүү жана мамлекеттик башкарууну жакшыртуу болчу. Бирок коомчулукта анын төбөсү талаш жараткан чырлуу чуулардан көрүнчү. Буга мисал катары “кызмат абалынан кыянат пайдаланып Кызыл-Кыя шаарындагы цемент заводуна мыйзамсыз кен чыккан 7 гектар жерди ыйгарып жиберген” деген дооматты айтсак болот. Кезинде жергиликтүү тургундар тарабынан бул тууралуу учурдагы президент Садыр Жапаровго чейин кайрылуулар болгон. Тилекке каршы азыркыга чейин ачык, так жооп жок. Эгер коом ачык-айкындыкты талап кылбаса, мыйзам үстөмдүгү орнобойт. Элдин эстутуму кыска болбошу кажет.
Арийне, Жогорку Кеңешке талапкерлигин коюу Акрам Мадумаровдун Конституциялык укугу. Бирок анын ишмердиги, айрыкча талаш жараткан жер ыйгаруу маселеси ачык иликтенип, элге отчет берилиши керек. Эл өкүлү болом деген адамга эл суроо берүүгө акылуу. Андыктан, депутат болом деп шымалангандар “кечээ ким элең?” деген суроого так, ачык, жоопкерчиликтүү жооп берүүгө милдеттүү.