www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Нарын облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында президенттин Турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна алынган атайын техникаларды тапшырды.
УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чаранын алгачкы бөлүгүндө УКМК төрагасына президенттин Иш башкармалыгынын башчысы Каныбек Туманбаев маалымат берип, техникалар менен тааныштырды.
Президенттин Турукташтыруу фондунан Ак-Талаа районуна 110 млн сом бөлүнгөн. Жалпысынан 13 техника, анын ичинде алты бирдик айыл чарба жана адистештирилген техника сатып алуу пландаштырылган.
Ташиев белгилегендей, өлкө жетекчилигинин учурдагы негизги максаты аймактарда калктын социалдык муктаждыктарын канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү болуп саналат. Мындан улам, техникалык жана башка муктаждыктарды жоюуга казынадан акча бөлүнүп,учурда аймактарда алгылыктуу иштер жүрүүдө.
Муну менен катар ал жергиликтүү тургундарга кайрылып, Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы бир катар социалдык маселелерге токтолду.
Ал Ак-Талаа районуна жаңы төрөт үйү, спорт комплекси камтылган ири футбол аянты, ипотекалык үйлөр курула тургандыгын баса белгиледи.